super.kg logo

Жалал-Абадда бир жумада 63 айдоочу мас абалында кармалды

 

Жалал-Абад облусунда соңку жумада 63 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-марттан 11-мартка чейин Жалал-Абад облусунда 1951 айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы үчүн админстративдик протоколдор толтурулган. Алардын 63ү мас абалында унаасын айдап бара жатып, үчөө унаасын мамлекеттик белгиси жок башкарып бара жатып, 411 айдоочу чектен тыш катуу ылдамдыкта айдап бара жатып кармалышкан. Дагы 13 айдоочу унаасынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алганы үчүн, 43 айдоочу жол чыракта кызыл күйүп турганда өткөнү үчүн, 1163 айдоочу жол эрежелерин сактабаганы үчүн айып пулга жыгылышкан. 202 айдоочу унаасын туура эмес жайга токтоткондугу үчүн, 49 айдоочу документтери жок унаасын айдап бара жатканы үчүн кармалган.

Жыйынтыгында 107 унаа айып аянтчасына токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.03.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунуно 10 бухарик кармалыптыр да. Кармалбаганы да божомол менен 63 болсо элестеткиле. Кудайым сактай кор. .
12.03.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айып аянтчасына токтотулгандардын саны азыраак эмесби э?
12.03.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы корсоткуч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: