Белгилүү орус актёру Олег Табаков 82 жаш курагында дүйнө салды

Белгилүү орусиялык актёр, СССРдин Эл артисти Олег Табаков 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Табаков Москва шаарында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Айта кетсек, Табаков 2017-жылдын 27-ноябрда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер актёрго сепсис (бир жердин инфекция очогунан ириңдетүүчү микробдун кан жана лимфа жолдоруна өтүп адамдын бардык органдарына жайылуучу жалпы инфекциялуу оору) диагнозун коюшкан.
Олег Табаков 1935-жылы 17-августта жарык дүйнөгө келген. Ал көпчүлүккө өзүнүн "Война и мир", "Семнадцать мгновений весны", "Двенадцать стульев" тасмаларындагы ролдору менен таанымал болгон. Мындан сырткары актёр көптөгөн спектаклдерде мыкты ролдорду жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
surgeon777

12.03.2018. 21:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун..мыкты актёр эле..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.