Ошто "Йакын Инкар" тобунун 9 мүчөсү эркинен ажыратылды
Ош облусунун аймагында "Йакын Инкар" тобунун 16 мүчөсү кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен анын 9у эркинен ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 9 жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-3-бөлүктөрүндөгү кылмыш белгилери боюнча 3 жана 4 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөө үчүн сот залынан камакка алынды.
Бул жарандар 2017-жылдын 15-июнунда "Йакын Инкар" агымынын мүчөлөрү катары Кара-Суу районунда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Мындан сырткары 7 жаранга карата тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Алардын алтоо Араван районунан, бирөө Өзгөн районунан кармалган.
"Йакын Инкар" - "дааватчылар" деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ.

Нарматовду ээрчип жамаат менен
кетсек адашпайбыз. Даваат керек нерсе.
Алар исламды жайылтып элге жеткирет.
Чубагындын акылы озунорго буюрсун. Созун уккум да келбейт. Корбогон бейшин элге айтып. Аман эле болсун молдолор.