super.kg logo

Шыкмаматов: "Адилетсиздиктен жүрөгүм ооруп, күн сайын бир уучтан дары ичип жатам"

 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту анын өтүнүчү менен 22-мартка жылдырылды.

Мунун себебин депутат мындайча түшүндүрдү.

"Биринчи соттук инстанция мени жогору жактын буйругу менен бир дагы далили жок соттоп жиберди. Укуктук, өнүккөн мамлекет болобуз десек биринчи кезекте адамды күнөөлүү экенин кынтыксыз далилдер менен далилдеш керек да. Эгер биз келтирген жүйөлүү далилдерге көңүл бурбай, тергөөчүнүн ойлоп тапкан божомолуна таянып соттоп жиберсеңер, анда 1938-жылы Ежов түзгөн "тройкадан" айырмаңар эмнеде? Силерге "эки жерде эки төрт" дегенди бир жылдан бери далилдей албай келе жатам. Ал автоунааны алты кишиден турган тендердик комиссия алган, менин тиешем жок. Аялым унаасын фирмага сатканга мыйзамдуу укугу бар, аны ал укуктан эч ким ажырата албайт. Мамлекетке бир тыйын чыгым келген эмес. Мунун баары соттук териштирүүдө далилденди. Менин жүрөк оорум эки айдын ичинде эки жолу кармады. Жүрөгүм коркконумдан ооруганы жок, адилетсиздиктен сыздап жатат. Күнүнө бир ууч дары ичип жатам. Мындайды душманыма да каалабайм", - деди Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.03.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акча суйлоп баштаганда, акыйкат унчукпай калыптыр.
13.03.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коркконундан ооруп жатат намаз окусаныз оорубай калат
13.03.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кызыл китепке кире турган соттор жок болуп кетүү коркунучунда аларга да даары берип туруш керек,ал эми сиз духуңузду түшүрбөң ак ийилет бирок сынбайт
13.03.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялынын машинеси сатылганы гумон санатты а калганын билбейм
13.03.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура Бут баарын камаш керек муну дагы
13.03.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорумактан олуп кетпейсинби!! Сендей аферистердин айынан Кыргызстан онукпой жатат!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: