super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Жаңы курулган жолдор кар менен кошо эрип жатат"

 

"Жаңы курулган жолдор кар менен кошо эрип кетип жатат, асфальт менен жол салгандан көрө жыгачтан жол салган ыңгайлуу болуп калды", - деген пикирин бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Эл өкүлү СССР убагында салынган жолдор 50 жыл турганын айтып, ал эми жаңы салынган жолдордун сапаты начар болуп, бир жылга жетпей жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Жолдогу жаңы асфальттар кар менен кошо эрип кетип жатат. Азыр бир чакырым асфальт баскандан көрө, бир чакырым жолду жыгач менен курган арзан болуп жатат. Асфальт кымбат болуп, жазга чыкпай жатат. Андан көрө жолду жыгачтан полдоп койсок арзан болуп, жок дегенде эки жыл турат. Сиз жолдун сапатына көңүл буруңуз. Жолдордун жыртыгы - турмуштун чындыгы", - деди Момбеков.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай маселе бар экенин айтып, буга көңүл бура турганын айтты.

Андан соң Момбеков Калиловго кайрылып, министрлик жолдордун сапатын көзөмөлдөй албай жатканын билдирди. "Бул үчүн айланаңызды тазалаңыз. Министрликте "жол мафиясы" бар деп туура айтып жатышат. Бишкек-Ош жолу 10 жыл турду, ал эми экс-министр Нурлан Сулаймановго кылмыш иши козголгон. Ага орден бериш керек", - деген оюн айтты Момбеков.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура тарабынан мурдагы жол транспорт министри Нурлан Сулаймановго карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз короткон деген айыптар тагылып, сырттан кылмыш иши козголгон болчу. Ал Курманбек Бакиевдин мезгилинде транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: