super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сулайманов: "Өкмөт жөлөк пул тууралуу мурдагы эле мыйзамды сунуштап жатат"

 

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өкмөт жөлөк пул тууралуу мурдагы эле мыйзамды сунуштап жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-мартта парламенттин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы жөлөк пул жөнүндө кабыл алган мыйзамды депутаттар коррупцияны жоюу максатында иштеп чыгышкан. “Өкмөт мурдагы даректүүлүктү аныктап бере турган мыйзамды сунуштап жатат. Эч кандай өзгөрүү жок. Бир гана “сүйүнчү пулду” кошуптурсуңар. Аны дагы чала иштетип жатасыңар. “Сүйүнчү пул” бала төрөлгөндө төрөт үйүнөн берилиши керек”, - деди депутат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова “сүйүнчү пул” банктагы эсептерге которула турганын айтты.

Анда Алтынбек Сулайманов кээ бир аймактарда банктык эсеп ачканга мүмкүнчүлүк жок экендигин билдирди.

Министр бул боюнча мыйзам иштелип чыга турганын кошумчалады.

Учурда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: