super.kg logo
  Саясат  

Аида Касымалиева: "2017-жылы жөлөк пул тууралуу кабыл алынган мыйзам популисттик мыйзам эмес"

 

"2017-жылы 21-июнда Жогорку Кеңеште жөлөк пул тууралуу мыйзам үчүнчү окууда каралып жатканда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жөлөк пул берүү коррупциялашып кеткенин айткан", - дейт бүгүн, 13-мартта парламенттин тийиштүү комитет жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева.

Депутат билдиргендей, министр бүгүн башкача сүйлөп жатат. "Бүгүн министр, мурунку 2009-жылкы мыйзам жакшы экен деп айтып жатасыз. Мурунку мыйзамды өзгөртпөй начар формасын алып келип жатасыздар. 2017-жылы жөлөк пул тууралуу мыйзамына өзгөртүү киргизип жатат да. Бирок логика жок. 2009-жылы министр өзү жамандаган мыйзамды алып келип, "сүйүнчү пулду" кошуптурсуңар. "Сүйүнчү пул" "балага жөлөк" пункту жок иштебейт. Коррупцияны жоёбуз, мыйзамдын аткарылышын жакшы көзөмөлдөйбүз деген сунуш айткан жоксуңар. Жумушчу топто чогуу иштедик, бирок ал жерде айтылган сунуштар киргизилген жок.

Кээ бир депутаттар 2017-жылы жөлөк пул жөнүндө кабыл алынган мыйзамды популисттик мыйзам деп айтып жатышат. Мыйзамдын демилгечилери катары ушундай сөздү угуу мен үчүн аябай кейиштүү болду. Популисттик мыйзам болсо 118 депутат добуш бермек эмес. Рыскелди Момбеков менен Кенжебек Бокоев эле "каршы" деп добуш берген. Биз бул мыйзамды иштеп чыкканбыз", - деди Касымалиева.

Буга чейин жыйында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова былтыр жөлөк пул жөнүндө кабыл алынган мыйзамды популисттик мыйзам деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: