super.kg logo
  Саясат  

Рыскелди Момбеков издөөдө жүргөн экс-министрге орден берүү керек дейт

 

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомунун Кризиске каршы фондусунун каражатынан инвестициялык насыяны берүү жөнүндө макулдашууда №1-толуктоонун долбоору тууралуу каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган мурдагы министрге орден берүү керектигин айтты. Эл өкүлү учурдагы жолдордун абалын мурдагы жолдордун сапатына салыштырып, Транспорт жана жолдор министрин бул тармакты тазалоого көңүл бурууга чакырды.

"СССРдин убагында салынган жолдор 50 жыл өмүр сүрүп жатат. Эгемендиктен кийин салынган жолдор эки жылга жетпей жатат. Сиз министр катары сапатты колго алыш үчүн тегерегиңиздин баарын тазалаңыз. "Жол мафиясы" бар экенин элдин баары билет. Жылда жол салынат, жылда жок. Бишкек-Ош жолу 10 жыл чыдады. Биз ошол жолду салган мурдагы министр Нурлан Сулаймановго кылмыш ишин козгоп качырып жибердик. Ага орден бериш керек. Орден бере турган министрди кууп жибердик, ордер бере тургандар ушул жерде жүрөт. Андан кийинкилердин салган жолдору тамтыгы чыгып, баасы да ашып кетти", - деди Момбеков.

Белгилей кетсек, 2014-жылы 23-апрелде Башкы прокуратура мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулган. Маалыматтарга караганда, ошол жылы Октябрь райондук соту тарабынан Нурлан Сулаймановду камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган. Нурлан Сулайманов Транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 миң сом зыян келтирген деп айыпталып жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: