super.kg logo

Бишкек шаарына быйыл 12 миң 167 түп бак-дарак отургузуу пландалууда

 

Бишкек шаарында 2018-жылдын эки айында бак-дарактын 500 түп көчөтү отургузулду. Дагы 11 миң 667 түп көчөттү отургузуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагындагы жолдорду оңдоо иштерине жана кооптуу абал жараткандыгына байланыштуу 2017-жылы 2 миң 938 дарак кыйылган.

"Анын ичинен 840 бак-дарак авариялык абалда болгон үчүн кыйганбыз. 1 миң 645 дарак Кытай мамлекетинен бөлүнгөн гранттын негизинде оңдолчу жолдорго байланыштуу кыйылса, калган 453 даанасы "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын карамагындагы оңдолчу жолдордо жайгашканы үчүн кыйылган. Кыйылган дарактар отун катары шаар аймагында жашаган социалдык камкордукка муктаж үй-бүлөлөргө таратылган", - дейт башкы адис.

Ал белгилегендей, быйыл отургузула турган бак-дарактардын 7 миң 187 түбү жалбырактуу чоң дарактар, 1 миң 30 түбү жабык тамырдуу ийне жалбырактуу дарактар. Ошондой эле декоративдик дарактардын 3 миң 450 түп көчөтү шаардын көчөлөрүнө тигиле турганын шаар бийлиги убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.03.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарактуу жерде дарт болбойт.
13.03.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа жакшы
13.03.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча мин деген кочотторду отургуздунар.Бирок жакшы карабай суугарбай кургатып коюп жатасынар.Бул кочотторду дагын жуз мин деген акчага сатып алсанар кереканын 20-30 минин чонтогунорго салып саласынар бул дагын коррупциянын бир схемасы.Андан коро каналдарды лотокторду салгыла суу агыш учун анан кочотторду эккиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: