super.kg logo

АКШда спортчу достору менен мелдеше кетип үлүлдү жеп ден соолугунан ажыраган

 

АКШлык Сэм аттуу жаш спортчу достору менен эс алуу учурунда алар менен мелдеше кетип үлүлдү жеп, өмүр бою ден соолугунан ажыраган.

Чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыккан маалыматтарга ылайык, Сэм 2009-жылы 19 жаш кезинде үлүлдү жеп алып өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Дарыгерлер бейтапка эозинофилдин пневмониясы (лейкоциттердин бир түрүнүн өпкө жолдоруна толуп калуусу) деген диагноз коюшкан. Белгилүү болгондой, Сэм үлүл менен кошо жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү ичеги курттарынын жумурткаларын кошо жеп алган.

Адатта бул курттар алып жүрүүчү жугуштуу ооруларды адамдар жеңил эле көтөрөт, бирок айрым гана учурларда адамдын баш мээси жабыр тартып, шал болуп калуусу мүмкүн. Сэмдин окуясы ошол айрым учурлардын бири болуп, ал 420 күнгө комага түшүп калган. Ал комадан чыккан соң өмүр бою ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга айланып, майыптардын арабасына отуруп калган.

"Сэмдин оорусу биздин үй-бүлөгө катуу таасир этип, жашообузду түп тамырынан өзгөрттү", - деп билдирген Сэмдин апасы Кэти Баллард.

Бейтапты мындан 3 жыл мурун ооруканадан чыгарып беришкен. Ошол күндөн тартып Сэмге анын ата-энеси жана жакын достору кам көрүп келет. Сэмдин достору атайын каражат чогултуп ага кам көрүү үчүн жылына 25 миң доллар айлыкка иштей турган медайым жалдашкан.

Бирок азыркы тапта Сэмге керектелүүчү дары-дармектерди алуу үчүн жана ага мед айым жалдоого үй-бүлөнүн каражаты жетпей жаткандыгын Кэти билдирген. Ошондой эле мамлекеттен жардам алуу үчүн көптөгөн документтерди чогултуу керектигин, бирок бул ишке анын убактысы жок экенин кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.03.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ойго келген нерсени жасоо да акыры окунучтуу нерселерге алып келет.Айыгып кетсин ,байкуш апасы учун кыйын болгондур .Оюндан от чыгыптыр да.((((
13.03.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Атын чыкпаса улул же.
13.03.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тимон и пумба симба мультфилмнде жейтго улулду ошодон коруп алган окшойтго
13.03.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достору кылгылыкты кылып коюп ырсаңдап сүрөткө түшүп койгонун ары жоктор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: