super.kg logo

Иса Өмүркулов: "Жөлөк пулга муктаж болгон үй-бүлөлөр ушул убакытка чейин аныкталбай жатат"

 

"Жөлөк пулга муктаж болгон үй-бүлөлөр ушул убакытка чейин аныкталбай жатат", - деп бүгүн, 13-мартта парламенттин тийиштүү комитет жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Иса Өмүркуловдун айтымында, муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо чоң көйгөй. "Бул көйгөй көп жылдан бери чечилбей келет. Бүгүнкү күнү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде канча адам иштейт? Жер-жерлерде министрликтин кызматкерлери барбы?" - деди Өмүркулов.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова министрликте болжол менен 2 миңдей адам иштей турганын айтып, так канча кызматкер иштей турганын унутуп калганын билдирди.

Ошону менен катар эле депутат министрлик жылына республикалык бюджеттен канча каражат ала турганын сурады.

Министр бул суроого дагы так жооп бере алган жок.

Өмүркулов Исакуновага: "Айыл өкмөт башчыларына чалып жөлөк пулга канча адам муктаж экенин сурайсыңар. Анын 10 таанышы болсо ошону кошот. Кызматкерлер дагы 10 таанышын кошуп, чынында жөлөк пулга муктаж болгондор алышпай калат", - деп кайрылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.03.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чекесинен бере бериниз, Иса мырза. Адашпайсыз! Интернеттен миндеген мекендештер жардам сурап жатышат. Же «Билем дедим тутулдум, билбейм дедим кутулдум» болуп жатасызбы?!
kofesmolokom түзөттү 2018-03-13 14:05:53
13.03.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутат министрдин балдарына берилбесин да калгандарына баардык бай кедей дебей эле бериш керекта анан ата энеси росиялап жургондоргода бербейсинер олор эмне жыргаганынан журуппу
13.03.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бергибиз келбей атат десенер мамлекет. Силерге(мамлекетке) караганда азыр элибиз калкыбыз бай, бироо муктаж болсо эл эле жыйнап коюп атпайбы. Силерге наалат 120
13.03.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оруссияда байсынбы,орточосунбу,кедейсинби баарына жолок пул берилет.Биринчи балана 4500руб экинчи-учунчу-тортунчу балдарына 8мин руб бир жарым жашка чейин берилет.Ал эми эгерде доходун жетпесе жолок пулдан тышкары бала уч жашка толгонго чейин 10мин руб ай сайын жардам катары берип турат.Ал эми биздикилер болсо тико машинен болсо болду доходун жэтет экен сага неположено деп уялбай отказ этишет.
13.03.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип эле аныктай албайсынар, жеп жутуп эле олтврасынар иш кылбайсынар,сыртан карыз алып озунор жыргап жатасынанар тологондо элден аласынар
13.03.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда баары бай баары олигарх болсо кимге бересиңер эч ким жөлөк пулга муктаж эмес бул албетте чоң курсактардын ою.Силердин кызматкерлер кимге чыгарат:өздөрүнүн тааныштарына,акча бергендерге наоборот машинасы иши барларга берет а карапайым калктын көпчүлүгү албай калат кээ биринин докум.пасп.метрикасы жок же бергенге парасы жок ушул жагын тыкыр текшергиле да берсеңер калыс болуп бергиле.Жөлөк пул дегениңер бүтпөс дастан болуп кетти го.
13.03.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бербестин ашы бышпас дегендей ар эки күндө кимге берсек экен же бербей эле койсокпу деп элди "сук сук"кыласыңар.Болсо болот болбосо болбойт дегиле да адамдардын жүрөгүн ойнотпой.
13.03.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизги чиновниктерден башка баарына берсе болмок, атаң менен апаң пенсия алат экен дебей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: