super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина: "Депутаттарга берилген үйлөрдө өздөрү эмес, айдоочулары, туугандары жашап жатышат"

 

Башка ишке которулган экс-депутат Э.Эрматовдун ордуна жакында депутат болуп бекитилген Карамат Орозова бүгүн, 14-июнда КСДП фракциясынын жыйынында жашап жаткан батиринин акчасын мамлекеттин эсебинен төлөп берүү өтүнүчүн айтты. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков депутаттарга берилчү кызматтык батирлер бар болсо, кесиптешине ошол жакка жайгашса боло турганын эскертти. Бирок Орозова учурда депутаттык бош батир жок экенин билдирди. Ал эми депутат Ирина Карамушкина бүгүнкү күндө депутаттарга берилген батирлерде эл өкүлдөрү өздөрү эмес, башка бирөөлөр жашап жатканына токтолду. "Мен батирлерди бөлүштүрүү боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү болуп турганда депутат Садыр Жапаров мага "Ата Журт" фракциясына 8 батир бөлүндү, аларда кимдер жашай турганы биздин ишибиз эмес" деген. Менимче, ал батирлерде депутаттар гана жашашы керек, азыр алардын жакын туугандары, айдоочулары, жардамчылары жашап жатышат",- деди Карамушкина. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, сунушту фракция колдоду. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирмекчи.  

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: