super.kg logo

Статистика комитети: "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорт төмөндөп, импорт жогорулады"

 

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылдын январь айында 143 миллион 200 миң долларды түзүп, анын көлөмү 2017-жылдын январь айындагы соода жүгүртүүдөн 14,3 пайызга жогору болду. Статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргыз мамлекетинен чыгарылган товардын көлөмү 14,4 пайызга төмөндөсө, Кыргыз мамлекетинин аймагына алынып келген товардын көлөмү 27,1 пайызга өскөн.

Маалым болгондой, Орусияга чыгарылган товардын ичинен пахта 6,6 эсеге, лампалар 1,5 эсеге, кургатылган жемиштер 26 пайызга көбөйгөн. Ал эми Орусиядан келген товарлардын арасынан канаттуулардын эти жана кургатылган жемиш 2,3, күн карама майы 3,2, кондитердик азыктар 5,5, түтүк жана профилдер 3 эсеге, шоколад жана даяр азык-түлүк 28,2 пайызга көбөйгөн. Ошол эле учурда унааларды алып келүү 2 эсеге төмөндөгөн.

Ал эми Казакстанга экспорттолгон товарлардын катарындагы турмуш-тиричилик приборлору менен желим товарлар 1,5 эседен жогоруласа, сүт азыктары 34,8 пайызга төмөндөгөн. Казакстандан келчү күн карама майы 4,3, ун азыктары 2,8, косметикалык каражаттар 2,1 эсеге, минералдык сууларды кошпогондо суулар 28,2 пайызга көбөйүп, ундан жасалган кондитердик азыктар 19,4, көмүр 16,1 пайызга төмөндөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.03.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардыга бай чон, жалгызга коп чон - болуп журуп отобуз го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: