super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча жетекчилер үч түрдүү маалымат берип жатканын айтты

 

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда депутат Исхак Масалиев ЖЭБдеги авариянын келип чыгышы боюнча жетекчилер түрдүү маалыматтарды берип жатканын айтты.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов авариянын келип чыгышы боюнча башка маалымат берүүдө. ЖЭБдин директору Андрей Воропаев башка маалымат, “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Узак Кыдырбаев башка маалыматтарды берип жатат. Менимче, сиздер бир пикирге келе албай жатасыздар. Бирөө от казанда суу жетиштүү болгон десе, экинчиси суу жетишсиз болгон деп айтып жатат. Ошондуктан өз алдыңарча бүтүм чыгара бергенден алыс болсоңуздар”, - деди Масалиев.

Депутат химиялык цехтин курулушу качан аяктай турганын сурады. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов химиялык цех быйыл июль айында курулуп бүтөрүн айтты.

"Химиялык цехин куруу боюнча 2017-жылы июль айында чечим кабыл алынган. Азыр долбоордун иштери жүрүп жатат. 2018-жылдын июль айында курулуп бүтөт", - деди Бримкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: