super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Энергетика тармагында көйгөй көп, ал эми жетекчилеринин айлыгы 30 миң сом, жашоосу олигархтардыкындай"

 

"Энергетика тармагында көйгөй көп, ал эми жетекчилеринин айлыгы 30 миң сом, жашоосу жана айдаган унаалары олигархтардыкындай", - деп бүгүн, 13-мартта Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Акылбек Жамангулов айтты. Эл өкүлү бул жагдайды эске алуу зарыл экенин билдирди.

"Мен депутаттарга эске алыш үчүн айткым келет. Биз энергетика тармагында киреше жок деп жылдап бюджеттен акча карап келебиз. Анткени менен энергетика тармагындагы жетекчилердин айлык акысы 20 миң сомдон 30 миңге чейин жетет. Айдаган унаалары, жашаган үйлөрүн карасаңыз, олигархтардай жашайт", - деди Жамангулов.

Эске салсак, буга чейин Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталып, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилерине уурулук боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жана "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков УКМК тарабынан камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: