Ала-Букада октон каза болгон ефрейтор быйыл үйлөнмөк
Ала-Букада жоокердин огунан каза болгон ефрейтор быйыл үйлөнмөк. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун агасы билдирди.
"Инимдин аты жөнү Тилек Бекенов, 21 гана жашта болчу, быйыл үйлөнтөлү деп жатканбыз. Өзүм Орусияда эмгектенем, инимдин көз жумгандыгы тууралуу маалыматты сиздердин сайттан окуп калып, сиздер менен байланыштым. Мекениме баруу үчүн учакка билет алып жатам", - дейт кайгырып турган маркумдун агасы.
Ал эми окуя тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди, кокусунан атып алган аскер сурак берүүдө".
13-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №2030-чек ара аскер бөлүгүндө жазгы чакырык менен келген жоокер келишимдик негизде иштеп жаткан Тилек Бекенов аттуу ефрейторду кокусунан атып алып, ок тийген Бекенов ооруканага жетпей каза болгон.
кошулду


Биздин армия аянычтуу абалда. Текшерүү келсе баары жакшы. Текшерүүчүлөр кеткенден кийин кайраэле аянычтуу абал.
Баланын ата-энесиге сабыр кылыныздар. Эч кимдин башыга түшпөсүн. Аттиң гүлдөй маалы... Жаткан жери жайлуу болсун!