super.kg logo
  Саясат  

Парламентте Бишкектеги жылуулук түтүктөрдү алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар кошумча каражат табуу керектиги айтылды

 

Кечээ, 13-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашуулар жактырылды.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргыз тарапка бериле турган жеӊилдетилген насыя каражатынын жалпы көлөмү – 21 миллион 200 миң доллар, анын ичинде 3 миллион доллар гранттык каражат болуп саналат. Ал толугу менен "Бишкек жылуулук тармагынын" карамагындагы оӊдоо иштерине жумшалмакчы. "Бишкек жылуулук тармагынын" карамагында жалпы узундугу 430 чакырым жылуулук түтүктөрү бар, азыр анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. Аларды толук алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар көлөмүндө каражат табуу керектиги айтылды. Ошондон улам Дүйнөлүк банктык каражаты тартылууда.

Ал эми "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын жетекчиси Эркин Абдыкалыковдун айтымында, Бишкек шаарындагы батирлер +18 градустан кем эмес жылуулук менен камсыз кылынууга тийиш. "Азыр алына турган каражат жалпы чыгымдын 3 пайызын гана түзөт. Демек, дагы кошумча каражат талап кылынат. Бул багытта дагы инвестиция тартуу аракеттерин көрүп жатабыз. Алынган каражаттар толугу менен биздин тармак тарабынан төлөнүп берилет", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: