super.kg logo

Чычканда кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолу жабылды. Алдын ала маалыматтар боюнча каттам 2 күнгө чейин ачылбайт (фото)

 

Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн бөлүгүндө кар көчкү түшүп каттам жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кар көчкүнүн көлөмү 2 миллион 500 миң метр кубду түзсө, бийиктиги 50 метрге, узундугу 250 метрге жетет.

"13-мартта саат 22:40тар чамасында Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолун толук жаап калган. Азыр каттам толук жабылды. Учурда Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаары аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна блок-посттор коюлду. Алдына ала маалыматтар боюнча каттам 2 күнгө чейин жабык болуусу мүмкүн", - дейт Айбек Сатыбалдиев.

Ал эми ӨКМнын билдирүүсүнө караганда, алдын ала маалыматтар боюнча кар көчкүдөн жабыр тарткандар жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.03.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек жактан барып ото албай кайра бишкекке кайткан унаалар барбы болсо айтып койгула сураныч
14.03.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кочоку тунел тушту деген неме чын эле эмеспи чота эки күн кочкуго айбай эле коп кун болуп калбайбы
14.03.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Daak9091,XXXX тоннель кантип тушсун. Тушсо общий КР дуннннн болот эле да
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-14 11:28:08
14.03.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Биз тундо эле келдик Бишкекке жол таптаза
14.03.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aidani,сен отуп кеткенден кийин тушурду да.
Чычканда деп атат.чычкандан бишкеке чейин канча саат?3 4 сааттык жолбу? Ошону расчетко алып жазсан. Бишкек кара балта жолундай жакын ойлобой
14.03.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Авиабилеттерди саткыла эми 1000 сом 2000 мин кошуп 3 кун саткыла
15.03.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ularik_kg,кошуп сатмактыгул озунун баасында сатайын десен да место жок болуп жатат. Кундо 8 рейс болсо да ..но место жок
14.03.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир күндө эле тазалай турган жумуш экен элди жолдо зарыктырбай тездетиш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: