Депутат Социалдык фонддун төрагасынан "көп жашагандардын пенсиясына кошумча төлөмдөрдү кошуу планы барбы" деп сурады
Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдон көп жашагандардын пенсиясына кошумча төлөмдөр кошулабы деп сурады.
“Көп жашаган апаларыбызга, аксакалдарыбызга кошумча пенсияны көтөрүп берүү планы барбы?” - деп сурады депутат.
Теңизбек Абжапаровдун айтымында, мыйзамда 80 жаштан өткөн жарандардын пенсиясына кошумча төлөмдөрдү кошуу каралган.
Жогорку Кеңеште пенсияга чыкканга талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Мисалы башка иштегилерде ишинде бир аз катачылык кетсе айып пул салынат.
Алган айлыгы 10000 тегереги, айып пулу айлыгынын жарымы.