super.kg logo

Депутат cоциалдык колдоого муктаж жарандардын так саны жок, өкмөт өкүлдөрү ар башка маалымат берип жатканын айтты

 

КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова cоциалдык колдоого муктаж жарандардын так саны жок, өкмөт өкүлдөрү ар башка маалымат берип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жөлөк пул берүү жаатында коррупция күч алган. Ал такай эле жардамга муктаж адамдарга бериле бербейт. Бул көйгөй азыркыга чейин чечилбей келет. Ушул кезге чейин социалдык колдоого муктаж жарандардын так саны жок, өкмөт өкүлдөрү жылдык минималдуу киреше чеги боюнча да ар башка маалымат берүүдө", - дейт депутат.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жөлөк пул берүүдө коррупциялык көрүнүштөр жоюлбаганын моюнга алды. "Биз бул тармакта коррупция бар экенин башынан айтып келебиз. Аны дароо жоюш кыйын, ошентсе да аракеттер бар. Азыркы учурда жылдык минималдуу киреше чеги 900 сомду түзөт. Бирок азыр аны көбөйтүү чаралары көрүлүүдө. Мурдагы мыйзам дагы жакшы болчу, азыркы мыйзам дагы дурус, бирок аны башкаруу жана аткаруу жаатында калпыстыктар бар. Ошондуктан, административдик чараларды өркүндөтүү зарыл", - дейт Султанбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: