super.kg logo

Депутат Бишкек-Ош жолунун кар көчкү түшкөн аймагында жолду тазалоодо бир эле техника иштеп жатканын айтты

 

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов Бишкек-Ош жолунун кар көчкү түшкөн аймагында жолду тазалоодо бир эле техника иштеп жатканын айтты. Эл өкүлү өкмөттүн өкүлүнө жана төрага Дастан Жумабековго кайрылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

"Азыр мага WhatsApp аркылуу видео-сүрөттөрүн да жиберип жатышат. Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү түшүп жабылып калган жерде болгону бир техника иштеп жатыптыр. Жүргүнчүлөрдүн баары нааразы болуп жатат. Буга көңүл бурсаңыздар, техникаларды тартуу керек", - деди Пирматов.

Төрага Дастан Жумабеков бул багытта тийиштүү тапшырмалар берилип, көңүл бурулуп жатканын айтып, депутатка жооп берди.

Белгилей кетсек, 13-мартта саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн бөлүгүндө кар көчкү түшүп, каттам жабылган. Маалыматтарга караганда, кар көчкүнүн көлөмү 2 миллион 500 миң метр кубду түзсө, бийиктиги 50 метрге, узундугу 250 метрге жетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.03.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйратып конул бурушту!!! Бир эле трактор иштеп жатат! Биз семьябыз менен апамын ашын бергени ошко баратканбыз. Элди эртенкиге чакырганбыз озубуз жетишпей жатабыз! Артка кайтып келип самалетко билет алалы десек билеттер жок. Болсо да ото кымбат! Эми карапайым адамга ото кыйын болуп кетти
14.03.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул деген дагы да болсо мамлекет эчтекеге даяр эмес экенибизди тастыктады!!! Азыр биз учун аябай кыйын болуп жатат!
14.03.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо чондордун курсактары жарылып олсо экен! Кечээден бери беш трактор койсо деле болмок да. Мына азыр деле бир техника иштеп жатат
14.03.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер-инфо сураныч элдин ыйын керектуу жерге жеткиргилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: