super.kg logo

Аялуу жерин онлайн режимде акчага көрсөткөн кыз: "Мен окуган университетте "вебка" болуп иштегендер көп"

 

Буга чейин интернет аркылуу аялуу жерлерин акчага көрсөткөн кыздардын сүрөттөрү, видеолору социалдык баракча аркылуу жайылып кеткен. Мындан улам, коомчулукта бул көрүнүш талкууга алынган эле. Кийинчерээк Бишкек ШИИББи ушул жылдын башынан бери 119 кызды каттоого алышканын, алардын ичинен 64 кыз интернет аркылуу интим-кызматынын жеңил түрүн көрсөткөндүгү аныкталганын билдирген. Ошондой эле Бишкек шаарында онлайн интим кызматын көрсөткөн эки факт катталып, кылмыш иши козголгон. Андыктан, бул жаатта иликтөө жасоого аракет кылып, "вебка" деп атыккан жаңы кесиптин күнгөй-тескейин билдик (ред. мындан ары макала кабарчынын сөзү менен уланат).

- Иликтөөмдү вебкам студияда иштөөгө кызыкдар кыз катары баштадым. Социалдык тармактагы кыздардын сүрөтүн жайылтып жаткан топ аркылуу "иш берем" дегендерди таап, кат жөнөттүм.

Көпкө күттүрбөстөн эле жооп жазышты. Күн батып бараткан мезгилде белгиленген дарекке келдим. Жаныма болжолдуу 25 жаштардагы 2 эркек басып келди. Кофейнялардын бирине кирип, чай үстүндө отурганда вебкам студия тууралуу үстүртөн маалыматым бар экенин айтып, анонимдүүлүк боюнча тактап сурадым.

"Биз тараптан анонимдүүлүк 100 пайыз сакталат. Бирок биздин видеосюжетибиз ошол сайтта сакталып калгандыктан айрымдар шантаж кылып акча табуу үчүн көчүрүп алышат. Же башка вебкам студияны иштеткендер деле мындайды жасашы мүмкүн. Андыктан ким жайылтып, кандай максатта колдонуп кетерин билбейбиз", - дешти алар.

Сөзүбүз маяна, студиядагы кыздар, жумуш убактысы тууралуу уланды. Мен кайрылган студияда 15 кыз 3 нөөмөттө иштей тургандыгын айтышты. Ал эми маянаны айдын башында, ортосунда берерин билдиришти. Мени алардын иш орду, иштеп жаткан кыздар кызыктырды. Студиясына чакыра турган күнү мага дарегин жазып коюшарын айтышты.

Мени чакырышты... Белгиленген жайга Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унаа менен келип токтошту. Андан ары көп кабаттуу үйлөргө алып барган тар жол менен студияга келдик. Үчүнчү кабаттан орун алган 3 бөлмөлүү батирге кирдик. Чоочун бирөө келди дештиби кыздар шарт эле эшиктерин жаап алышты.

Иш бөлмөгө киргенде көзүмө дароо эле камера орнотулган компьютер, керебет, анан кыздардын кийимдери самсаалап чыгып калган шкаф урунду. Администратор өзүмө караштуу жууркан-төшөк болорун, тил жагынан оператор жардам берерин айтып, мени ишке оңой эле макул кылдыруучу сөздөрдү жаадырды. Андан ары ашканада отурган кыздардын бири менен студияга жаңы келген "кызматкер" катары кеп баштадым.


Маңдайымда ак жуумалынан келген, арык чырай, бою узун кыз тамеки чегип отурду. Өзүн 3-курстун студентимин деп тааныштырган кыз мен суроо сала электе "эмне жөнүндө айтып берсем?" деди.

- 21 жаштамын. Вебкам болуп иштөөнү 18 жашымдан баштагам. Айлыгым жакшы. Сизге оператор менен иштешесиң деп айтышса керек. Англис тилин билбейм деп чочулоонун кереги жок. Оператор эмне болуп жатканын которуп берет, канча акча тапканыңызды да айтып турат. Мен биринчи күнү жумушка чыкканда 350 доллар тапкам. Ошондон бери жакшы каражат таап келем.

- Негизи жаңы үйрөнүп жаткан моделдер эмнеден кыйналышат?

- Мен кыйналган деле эмесмин. Жаңы үйрөнүп жатканда уяласың, ыңгайсыз абалда болосуң. Бирок кардарлары көп болуп, аябай түшүнүү менен мамиле жасашат. Биринчи апта чечүүчү убакыт болуп саналат. Ошондуктан көп убакыт онлайн болуп, жигердүүлүгүңдү көрсөтсөң рейтинг көтөрүлөт.

- Кардарлардын арасында дароо эле аялуу жериңди көрсөт дегендер болобу?

- Ооба, андай кардарлар болот. Бирок амалдуу болсоң жакшы акча калтырышат. Анан дайымкы кардарыңа айланат. Сайтка киргенде биринчи көпчүлүк менен баарлашуу (фрей чат) ачылат. Бул чатта 50-100дөй эркектер отуруп, алар менен ар кандай темада сүйлөшүүлөр болот. Арасынан бирөө жалгыз сүйлөшүүгө (приват) чакырып, мүнөтүнө акча төлөйт. Ал жакта экөөңдү эч ким көрө албайт.

Биз сүйлөшүп отурганда бөлмөгө дагы бир кыз кирип келип, сөзгө аралашты. Вебкамда иштеген кыздардын сүрөтүн жайылтып, ар кандай сын-пикирлерди жазгандар "мырктар" экенин, аларга көңүл бурбай эле коюуну айтып, чыгып кетти.

- Эгер "сен ошентип иштейсиң" дегендер болсо "ооба" деген жооп айтам. Мисалы менин курбуларым вебкам модель болуп иштегенимди билишет.

- Вебкам модель деген кызмат канча жылдан бери белгилүү болуп баштаган?

- Мындай кызмат 1999-2000-жылдары эле бар болчу. Ал эми Кыргыз жергесинде 2005-жылдан тарта популярдуу боло баштаган. Мисалы, мен биринчи иштеген студия 2007-жылы ачылган. Ал убакта студия жөнүндө кыздардын маалыматы аз болчу. Анан кыздарды көп убакытка иштетип, алардын санын көбөйтүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушчу. Мисалы 1 ай ичинде кардарлар менен көп иштешип, көп сумма тапкан кыздарга акыркы үлгүдөгү iPhone берип, шыктандырчу. Кыздар атаандашып иштешчү. Эгер кардар тартып келсең анын тапкан акчасынын 5 пайызын же 100 доллар берип бизге мотивация берип турчу. Азыр мен окуган университеттеги кыздардын ар бир экинчиси вебкамда иштешет.

Анын акыркы сөзүнүн чын-калпын ажырата албай, угуп таң калдым.

Ал эми бет алдымдагы каарманым студияга тааныш кыздарынын чакыруусу менен келип калганын айтты. Ал 2 жылга чукул иштеп, жумуштан чыгып кеткенин, бирок көп суммадагы каражат таап көнүп калгандыктан башка жумуштун айлыгына ичи чыкпай калганын кошумчалады. Ошондуктан кайрадан "вебка" болуп иштеп баштаганын билдирди.

- "Вебка" болуп иштеген сойкулукка караганда артык болуп жатпайбы. 500 сом үчүн ар ким менен жүрүп, бирөөнүн алдында жатпайсың. Оору жугузбайсың", - деди ал.

Сөз студияда иштеген тааныш кыздары жөнүндө уланды. Айтымында, жылдап-жылдап иштеп, кардарынын оюндагы түрдүү төшөк ыкмаларын ар кандай каражаттардын жардамында аткарып берип жүргөн кыздардын арасында турмушка чыгып кеткендер да бар. Айрымдары бул ишинин артында унаа, үй алууга жетишкен...

Вебкам студиядан чыгып, "мен окуган университеттеги кыздардын ар бир экинчиси вебкамда иштешет" деген сөзү оюмдан кетпей, аялдамадагы, маршруттук таксидеги, айтор бет алдымдан чыккан бейтааныш кыздар шектүү көрүнүп жатты. А мен болсо, андан ары жолумду уладым.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Комментарийлер(45)
16.03.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+50
Ой шермендее
Ушуларды таап катуу жазага тартыш керек
Уй мулкун конфискациалаш керек
Atas түзөттү 2018-03-16 18:06:25
16.03.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-30
Atas,
Ачка болсон аш тандабайсын, уятынды карабайсын.
Акчага зар болсон, уятынды урган киши бар бекен.

16.03.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Mirlan27011987,Уят жашайт токчулуктан, уят качат жокчулуктан. Ким эле ушундай ишке баргысы келсин. Айла жоктун оокаты. Арабаны ойдо айдасам атым олот, ылдый айдасам озум олом, деген заманда калдык азыр. Азыр бироонун кайгысына, бироо кайгырбайт. Карапайым эл олбо жаным олбо болуп эле келе жатабыз.
zhaku2017 түзөттү 2018-03-16 18:57:10
16.03.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
zhaku2017, Жокчулукту шылтоо кылбагылачы!!! Бул женил оокат, арам тамактын артынан тушкон, абийирсиз, намызсыз, уятсыз, ыймансыз кыздардын зынакор жоругу...

Илгери эл ачарчылыкта кырылып, бир сындырым нан коздон откон заманда да садага суроону намыс коргон, сойкулук мындай турсун....

Сойку, вебсойку болуп иштегендерге жумуш табылбайбы алты саны аман турганда...

fantomas түзөттү 2018-03-16 19:54:38
16.03.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
zhaku2017, 40-50 жаштагы эжелер иштеп журушот арзыбаган акча болсо да шугур кылып мугалим, медсестра, пол жуугуч, швея ж.б. болуп....

Ал эми сойкуларга иш табылбайбы?!! Сойкулар, веб сойкулар эл катары бешене тер тогуп адал акча табуудан качып оной оокат, арам акчага качып жатат деп ачыгын айтпайсынарбы, жокчулукту шылтоо кылбай?!!!!!!!...
16.03.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
fantomas, чындык сөздү айтыпсын. Кыргыздын кыздары тээ 18-кылымдагы ачарчылыкта, Ата-Мекендик согуш жылдарында жана 90-жылдардагы ачарчылык мезгилинде мындай төмөн ыплас деңгээлге түшкөн эмес. Демократия, тең укуктуулук деген ураан менен кирип келген батыштын маданияты бизге терс таасирин берди. Эркектердин көпчүлүгү ичимдик ичип жумуш жоктугун шылтоо кылып, үй-бүлөсүн бакпай аялдарыбыз көр тириликтин айынан ар кандай жумушта иштеп жатышат
16.03.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кыздардын жүзү ачык эле көрүнөбү же жабык болуп, денеси эле көрүнөбү?
16.03.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
вебка баягы мобильный агент менен эле кошо чыккан окшобойбу.
16.03.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Апееей биз уйлонушубуз керек кандай кыз туш болот болду экен
16.03.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
sirgak_92,Айылдан апасы оппогон кыз таап уйлонобузда брат!
16.03.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Kimbar, кандай жүргөн болсоң ошондой кызга жолугасын.
19.03.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil,маакул, мен эч нерсе дебей элеминго
19.03.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil, бирок бул созунор бир четинен туура эмес
17.03.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Kimbar,ким кандай болсо, өзүнө жараша кыз туш болот.
17.03.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Kimbar,андай кыздар уялчаак болушуп силер берген суроого жооп бербей качышат акылдуу кыздар. А макалада чагылдырган кыздар коомдук жайларда оздорун жакшы алып журуп козунорго жакшы кыйын таза кыз корунот да эркектердин башы айланып кантип алып алганын билбей калышат .Айылдык ыймандуу кыздар купулунарша толбой а бул лох экен деген ой жаралып тоготпой коюшунар мумкун
16.03.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sirgak_92,бишкектен албаш керек да тоесть бишкекеке барып окугандарды.
17.03.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika0906,Бишкекке барып окугандын баары эле софку жмесда
16.03.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аллах ыйман берсин
16.03.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ата энесин сыйлабаган кем акыл кыздар булар. Акча берсен каалаганынды кылат экенда
16.03.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эмне кереги бар рекламалап?Мындай макаланын деерлик кереги жок бизге.
18.03.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mari20,
Бул реклама эмес. Ушундай нерселер менен жаман ойлордон, жаман иштерден алыс болууга мүмкүнчүлүк түзүүгө болот.
16.03.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мындайларды камаш керек
16.03.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Мен че то озумду замандан артта калып кеткендей сезип жатам. Бул корунуш ото капа кылды. Кыргыздын кыздары сойкулуктун виртуальный турун мыкты оздоштуруп жатышканы ото кооптуу келечек учун.
16.03.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Реклама эле болуп калыптыр
16.03.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Тобоо ,биринчи угушум ушундай жумуш бар экеннин.
16.03.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мотивацияңар мн куруп калгыла,арам оокат аш болбойт дечү эле булар аш болот эле экен го.Ар кандай төшөк оюнун көрсөтсө анда буларда кыздык белги деле жок болсо керек ал жагына көрүнгөн нерсени тыга берип.Кудайым силердей адамдардан алыс кылсын ылайым,силерге ыйман берсин .Башка сөз жок өлгөн турбайбызбы чекеден эле сойку болуп.Онлайн сойкусу да бар жипживой сойкусу да бар Кыргызстанда шерменде өлгөнүбүз ушу да.
16.03.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Nevestkaa, кайдагы кыздык белги, "алдына" да, "артына" да вибратор "оюнчуктарды" тыгып кардарларынын айтканын кылып келишсе...

Жонокой сойкулар корунгон эркектин алдында уйпаланса, веб сойкулардын эрмеги ар кандай интимдик оюнчуктар.......
16.03.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Апасы өбө элек,калган баары өпкөн кыздар көбөйүп кетти.ынсап берсин ар бир кызы болсун эркеги болсун.
16.03.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бул макаланы окуп, билбей жургон кыздар барат деп ойлойм кызыккандар
16.03.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кабарчы кыз кайсы университет экенин купуяга жазып койгулачы кызык болтат?
16.03.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
erge tiyip ketkender, ui algandar bar eken deit go. ХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-17 10:46:03
16.03.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айланайыыын кыздарды бир уйдо камап отуруп чонойтуп эрге берет окшойбуз
16.03.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шондо булар кардарменен жатыпда береби. Же искусственныйларды тыгып кылык корсотуп береби камера алдыда
17.03.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайда баратабыз айланайын эжелер, карындаштар! !!
17.03.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба адамдарга не болуп баратат женил оокатка уйронуп оз келечегин ойлошпойбу андан коро пол жууп аз акча тапсанда пешене тер адал болотко.
17.03.2018. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул кун эмес Уркундо да АПАлар,
Талкан учун саткан эмес денесин.
17.03.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эми денесин сатып,ар ким менен жаткандвн коро,мындай болгону деле норма
17.03.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул куноо болот, Токтотуш керек
17.03.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кечээ окуп алыр бугун кечке кыздарды карап журдум,жуоналист айткандай козумо кобусу "вебка" корунуп жатты))

Негизи макаланар жарнама сыяктуу эле болуп калыптыр,бироо менен жатпасам,оору жугузбасам,акчасы коп болсо жакшы экен да дегендер ойлоно башташты да...
17.03.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Не адамдар барган сайын экран аркылуу кумарга батып жатабы? Экрандын ар жагындагы учун акча толосо,андан коро кино корбойбу? Кыздар уят,озунорду эле же ата-энерди эле эмес бутундой кыргыз элин уяткарып жатасынар!!! Башка жумуштун маянасына конбосонор анда келечекте балдарынарды да ушинтип багасынарбы?
17.03.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колунан андан башка иш келбегендер анан жалкоолор барат мындай ишке 10000 алып деле иштегендер бар. женил. развлечение жакшы корушот берилип кетишет.эч кандай уят деп корушпойт 100 % гарантия. Элге жайылтпоо кк деп ойлойм. Конгон адат калбайт силер жазгандан улам токтоп калбайт кыздар. Бул бизнес буткул дуйного жайылган.
17.03.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан журналист оюнуз туура эле алдынызга чыккан кыз вебка болушу мумкун. Сыртынан кантип билмек элениз. Абдан тарбиялуулары да бар.
18.03.2018. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вебка балдар да бар экен Мадельмин дегендин баары эле ошентип акча табат го деп ойлоп койдум
18.03.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол кылган кылыктары турмушка чыккандан кийин кайталанбайт деп ким кепилдик берет,жасаган иштери эртен келечектеги кыз-уулддары кайталаса эмне болот деп ойлонушпайбы,акылсыздар
19.03.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч ким корбоду дегенде аллах коруп турбайбы, ОО Аллахым хидаят бер, адал ырыскы бер пенделерине.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: