super.kg logo

Министр: "Жөлөк пул мыйзамында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акы төлөө каралган эмес. Ал өкмөттүн токтому менен ишке ашат"

 

"Жөлөк пул мыйзамында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акы төлөө каралган эмес. Ал өкмөттүн токтому менен ишке ашат", - деди бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова.

Буга чейин депутат Кенжебек Бокоев ага кайрылып, биринчи топтогу майып балдардын энелерине акы төлөө боюнча пункт жөлөк пул боюнча мыйзам долбооруна кирбей калганын айткан. Исакунова депутатка жооп кылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акы төлөөнү өкмөт токтом менен ишке ашыра турганын белгиледи.

"Азыр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 810 сом жөлөк пул берилет. Биринчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акы төлөө өкмөттүн токтому менен ишке ашат. Ошондо энелер эмгек келишими менен акы алып, эмгек акысы катары ал өзүнчө бекитилет. Өкмөттүн бул токтому даяр, коомдук талкуудан өткөн", - деди Исакунова.

Депутат Бокоев биринчи топтогу майып балдардын энелерине акы төлөө боюнча токтомду өкмөт кабыл албай жарандарды кыйнайт деп кабатырланды. Министр жөлөк пул боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин өкмөт тиешелүү токтомду кабыл алууга даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: