super.kg logo

Улуттук фтизиатрия борборунун башчысы: "Кургак учуктан көз жумгандардын саны акыркы жылдары 5 эсеге кыскарды"

 

Кургак учуктан көз жумгандардын саны акыркы жылдары 5 эсеге кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Улуттук фтизиатрия борборунун башчысы Абдулат Кадыров билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, Кыргыз өлкөсүндө кургак учук менен ооругандардын саны жылдан-жылга азайып жатат.

"Өлкөдө кургак учук менен ооруган жарандардын эң жогорку көрсөткүчү 2001-жылы катталган. Анда 100 миң адамдын ичинен 168 адам кургак учук менен жабыр тартса, алардын 27си өлүмгө дуушар болушкан. Ал эми 2017-жылы кургак учук менен ооругандардын саны 168ден 90го чейин түшсө, өлүмгө дуушар болгондордун саны 27ден 5ке түшкөн. Башкача айтканда, 2001-жылдын көрсөткүчү менен 2017-жылдын көрсөткүчүн салыштырганда кургак учук менен жабыр тарткандардын саны 44 пайызга кыскарса, оорудан көз жумгандардын саны 5 эсеге азайган", - дейт Кадыров.

Ошондой эле борбордун башчысынын айтымында, азыркы тапта мектептерде, жогорку окуу жайларда жана мекемелерде кургак учукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалап өттү.

Мындан сырткары, кургак учукка каршы ооруканалардын санын кыскартуу башталганын айтып:

"Көпчүлүк кургак учукка каршы ооруканаларда бейтаптардын саны аз, палаталар бош. Жыл сайын мамлекет 625 миллион сомду кургак учукка каршы ооруканаларын каржылоого жумшайт. Бул сумманын 90 пайызы имараттарды каржылоого, коммуналдык чыгымдарга кетсе, ал эми 10 пайызы гана бейтаптарды дарылоого жумшалат. Ошол себептен ооруканалардын санын кыскартып, ага кеткен каражатты бейтаптарды дарылоого жумшайлы деп жатабыз", - дейт борбор башчысы.

Кургак учуктун жөнөкөй түрүн дарылоо 100 доллардын тегерегинде болсо, туруктуу формасын дарылоо 3-4 миң долларга чейин барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: