super.kg logo
  Спорт  

17-мартта футзал боюнча Өлкө кубогунун финалдык бөлүгү старт алат (беттештердин тизмеси)

 

Бишкек шаарында 17-март күнү футзал боюнча 2017-2018-сезондун Өлкө кубогунун финалдык бөлүгү старт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, финалдык бөлүктө 8 команда катышып, 2 тайпага бөлүнгөн. 17-19-мартта тайпалык баскычтын беттештери орун алып, анда ар бир тайпадан 2 мыкты команда жарым финалга өтөт. Жарым финалдык жана финалдык баскычтын беттештери 20-21-мартта орун алат.

Беттештер Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде жана "Алай" спорт комплексинде орун алат.

"А" тайпасынын тизмеси: "Мурас" (Ысык-Көл), "Жаш-Муун" (Жалал-Абад), "Бакубат Талас" (Талас), "Налоговик" (Бишкек-Чүй).

"В" тайпасынын тизмеси: "EREM" (Ош), "Sun City" (Бишкек-Чүй), "Баткен" (Баткен), "Востокэлектро"(Нарын).

Беттештердин тизмеси:

1-тур, 17-март:

14:30 "Sun City" - "Баткен", ("Алай" спорт комплекси);

16:45 "Жаш-Муун" - "Бакубат Талас", ("Алай" спорт комплекси);

18:00 "EREM" - "Востокэлектро", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

19:45 "Мурас" - "Налоговик", ("Арча-Бешик" спорт комплекси).

2-тур, 18-март:

14:30 "Жаш-Муун" - "Налоговик", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

16:45 "Бакубат Талас" - "Мурас", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

18:00 "Sun City" - "Востокэлектро", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

19:45 "Баткен" - "EREM", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

3-тур, 19-март:

14:30 "Налоговик" - "Бакубат Талас", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

16:45 "Мурас" - "Жаш-Муун", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

18:00 "Востокэлектро" - "Баткен", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

19:45 "EREM" - "Sun City", ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

Жарым финалдык беттештер, 20-март:

18:00 А1 — В2, ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

20:00 В1 — А2, ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

21-март:

11:00 Финал, ("Арча-Бешик" спорт комплекси);

13:00 Сыйлоо аземи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: