super.kg logo
  Саясат  

Эркингүл Иманкожоева: “Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун" каражатынын 30 пайызын суу көйгөйүн чечүүгө жумшоо керек"

 
Депутат Эркингүл Иманкожоева “Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун" каражатынын 30 пайызын таза сууну жана сугат суусу менен камсыз кылуу тутумун жакшыртууга жумшоо керек деп эсептейт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. “Таза суу калк саламаттыгынын негизи, ал эми сугат суусу бай түшүмдүн кепилдиги. Биз агрардык өлкө экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек”,- дейт эл өкүлү. Ошондой эле депутат жергиликтүү калктын “Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна” түшкөн каражаттардын натыйжасыз пайдаланылып жаткандыгына нааразы экенин баса белгиледи. Ошондуктан жергиликтүү бийликтин бул багыттагы ишинин ачыктыгын жогорулатуу зарыл экенин баса белгиледи. Жергиликтүү калк каражатты бөлүштүрүү жүрүмүнө катышууга тийиш. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган фондго жыл сайын “Кумтөр” кенин иштеткен компаниянын жалпы кирешесинин 1 пайызы түшүп турат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: