super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ангела Меркель төртүнчү жолу Германиянын канцлери болду

 

Ангела Меркель төртүнчү жолу Германиянын канцлери болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, "Христиан-демократиялык союз" партиясынын лидери Ангела Меркелди бүгүн, 14-мартта Германиянын парламентиндеги 364 депутат колдоп добуш берди. Парламентте жалпы 688 депутат бар. Ал эми 315 парламентарий "каршы" добуш берип, 9 депутат "калыс" болду.

Германиядагы парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт түзүү боюнча коалициялык келишим дүйшөмбү күнү түзүлгөн. Анда Германиядагы "Христиан-демократиялык союз" жана "Социал-демократтар" партиясы коалициялык келишимге жетишкен. Германияда парламенттик шайлоо 2017-жылы сентябрь айында өткөн.

Белгилей кетсек, Ангела Меркель биринчи жолу 2005-жылы канцлер болуп шайланган. Аны Германия парламенти 2009 жана 2013-жылдары кайра бекиткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.03.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура иштесе,албетте шайлаш керек мен ойлойм жакшы адам деп.себеби Германия Кыргызстандай коррупцияга баткан эмес.
14.03.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул айым абдан кыйын экен. Негизи немистер эмгекчил болушат.
15.03.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айымга сөз жок значит иштейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: