super.kg logo

Кылмышка шектүү: "Кызды жылаңач түшкөн сүрөт-видеоңду элге таратам деп коркуткан бала мен эмесмин"

 

"Жылаңач түшкөн сүрөт-видеоңду элге таратам" деп акча талап кылган бала мен эмесмин". Мындай билдирүүнү SUPER.KG порталына жаш кызды жылаңач сүрөт-видеоңду элге жаям деп коркутуп, акча талап кылганга шектелип кармалган Сардал М. уулу (аты өзгөртүлүп берилди) айтып кайрылды.

"Дос балам мага келип: "Бир кызды менде жылаңач сүрөт-видеоң бар деп коркутуп акча талап кылдым, ал кыз 800 доллар берем деди. Ошол акчаны алып келиш керек", - деген. Кийин кайра "400 доллар берет, 200 долларын сага берем" деп айткан. Мен "милиция кармасачы" десем, "ал кыз өзү коркуп жатат, милицияга бербейт" деген. "Мен кыз менен мындан кийин да байланышта болуп турушум керек, акчаны сен эле барып ал" дегенинен, макул деп кызга барып "акчага келдим" деп сүйлөп баштаганда эле мени милициялар келип кармап калышты. Ал убакта дос балам жолдун аркы бетинде болчу, мени кармаганын көрүп качып кетти. Кызды мен тааныбайм, бул убакытка чейин да көргөн эмесмин. Досумдун аты А.Т.уулу, ага айтарым "болгонун болгондой айтып бер, өзүң ушинтип "кызды коркутуп жатам" дегенсиң, ушуларды келип айт", - деди Сардал.

Сардалдын апасы Күлүм Д. (аты өзгөртүлүп берилди) уулунун бул сөздөрүнө ишенерин, ал досуна азгырылып барган деген пикирин айтты.

"Качып кеткен баланын ата-энеси бизге келип "силердин балаңар дагы кошо барыптыр, ошол үчүн чогуу күнөөлүү болот" деп жатышат. "Балаңар күнөөнү моюнуна алса, калган иштердин баарын өзүбүз жаап бүтүрөбүз. Биз жогору жактан киши салып жатабыз, бир жуманын ичинде канча десе, ошончо берип сенин балаңды да, өзүбүздүн балабызды да чыгарып алабыз" деп убадалашууда. Моюнуна алганда балам соттолуп кетсечи, өмүр бою кара так болот да. Балам 18 эле жашта, жаштайынан соттолгон адам болуп калышын каалабайм. Балам өзү да "алданып барып алыпмын" деп өкүнүп жатат", - дейт апасы.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы "жылаңач түшкөн сүрөт-видеоңду элге таратам" деп коркутуп, акча талап кылууга шектүү жарандар үчөө болгонун, шектүү катары Сардал М. уулу кармалып, (аты өзгөртүлүп берилди) үй камагына чыгарылганын, калган шектүүлөр изделип жатканын билдирди.

Эске салсак, 12-мартта Бишкекте жаш кызды "жылаңач түшкөн сүрөт-видеоңду элге таратам" деп коркутуп, акча талап кылууга шектүү жарандар кармалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
15.03.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озун башынды иштетпейсинби, бироону коркутуп алып жаткан акча экенин угуптурсун. Кылмышка сен дагы катыштыгын бар. Туштон кийин арданбай.
15.03.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акча деп адам эмнелерди кылбайт. Бирөөлөр акча деп жылаңачтанып жатат, башка бирөөлөр коркутуп акча талап кылып жатат. Коркутуп акча талап кылганын билип туруп, барып жатса анда ал да кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү болот.
15.03.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бала сооучастник болуп эсептелет. Кыз туура кылыптыр милицияга кайрылып. Эч ким бироонун жеке жашоосуна кийлигишкенге акысы жок. Азыркы жашоодо бироо бироонун курсагын тойгузбайт. Ар оз жашоосун озу багат.
15.03.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жыланач тушкон кыз да, акча талап кылган эргулдар окшош экенсинер го
15.03.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ak4a m.n jabyshat da emi je, 4ondor ortogo tushot. Korupsia
15.03.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ошол суротун чыгаргылачы, биз дагы коройук)))
16.03.2018. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой дегендин ордуна, ээ сен эркек болгон
16.03.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз ХХХХ да, жинди болуп жыланач тушобу суротко? же ошончолук эле ХХХХХ? Мындай жиндилерди туура элге таратып эсине келтириш керек. Бала да жинди акчасына кызыкпай таратып ийбейби сүрөтүн, элдин баары көрсө ошол кыз көчөгө чыккыс болот эле
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-16 10:10:04
16.03.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер жыланач тушпосо эмнеге коркот эле, туура жолдо журсо жузу жарык журот эле го, смело билгенинди кыл деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: