super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Бишкек жылуулук тармагынын" насостук станцияларын оңдоп-түзөө үчүн насыя алуу боюнча келишим каралат

 

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңеш "Бишкек Жылуулук тармагынын" насостук станцияларын оңдоп-түзөө үчүн 21 миллион 200 миң доллар насыя алуу боюнча келишимди үчүнчү окууда карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн депутаттар келишимди колдосо, ага президент кол койгондон кийин келишим күчүнө кирет. "Бишкек жылуулук тармагынын" түтүктөрүн алмаштырууга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы насыя бермекчи. Мындай келишимге 2017-жылы 31-октябрда кол коюлган. Буга чейин бул келишимди Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырган.

Келишимде түтүктөрдү оңдоп, алмаштыруу үчүн 21 миллион 200 миң доллар жеңилдетилген насыя каралган. Анын үч миллиону гранттык негизде каралган.

Белгилей кетсек, "Бишкек жылуулук тармагынын" карамагында жалпы узундугу 430 чакырым жылуулук түтүктөрү бар, азыр анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. Аларды толук алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар көлөмүндө каражат табуу зарылдыгы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: