super.kg logo

Чычкандагы кар көчкү түшкөн жерде 7 техника, 100дөн ашуун адам иш алып барууда

 

Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшкөн жерде 7 техника, 100дөн ашуун адам иш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн жерге 4 погрузчик, 3 бульдозер жана 50гө чукул куткаруучу тартылган. Андан сырткары 70 милиция кызматкери, 2 "Тез жардам" унаасы менен 6 дарыгер күзөтүшүүдө. Кар көчкү түшкөн жердин түндүк тарабынан 40 миң метр куб, түштүк тарабынан 20 миң метр куб көлөмдөгү кар тазаланган.

Ошондой эле басма сөз кызматынан Чычкан капчыгайындагы кар көчкүдөн улам азыр 300гө чукул унаа тыгында турганын кабарлашты.

"Учурда Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда 105 жүк ташуучу, 11 жеңил унаа токтоп турат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда 16 оор жүк ташуучу, 35 жеңил унаа турат. Ал эми Талас облусуна кайрылган жерде 100 жүк ташуучу унаа турат. Учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.03.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
7 техниканын суротун тартып киргизгилечи королу, ал жерде 1 грейдер менен эле 1 бульдозер иштеп жататко ито соляркасы жок турушат














15.03.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол качан ачылат экен?
15.03.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жетоосун тен тартып киргизсенер. Уялбайт экенсинерда алдаштан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: