super.kg logo

Бишкек ЖЭБди жаңылоодо вулканизатор 9 миң 500 долларга алынган

 

Интернетте Бишкек ЖЭБди жаңылоо үчүн кандай жабдуулар канча сомго алынганы боюнча документтер пайда болду. Бул документти социалдык тармактын колдонуучусу Искен Афиджанов жарыялады.

Анда Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүрбек уулу айткан 600 долларлык кычкач 640 долларга алынганы жазылган. Ал эми вулканизатор 9 миң 500 долларга, үч буттуу түркүк (трехопорная подставка) 350 долларга алынган.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов билдирген. Анын айтымында, сатып алынган 128 камера ЖЭБдеги жаңы салынган блоктун тегерек четине орнотула турган камералар болгон. "Ошол камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан кеткен, жалпысынан 1 миллион 800 миң доллар жумшалган. Бул деген чектен ашкандык. Мисалы, Жогорку Кеңеште орнотулган түз алып берүүчү эң жогорку сапаттагы камералар 3 миң доллардан алынган, ал эми ЖЭБде орнотулган камераларды биз көрдүк, кадимки эле эл колдонгон, баасы 100 доллардын тегерегинде турган камералар", - дейт депутат.

"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 14 миң 500 долларды түзөт деген маалымат туура эмес экенин кабарлашкан. Ишкананын маалыматына караганда, ар бир видеобайкоочу камера 300 доллар турат, 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
15.03.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чукугула дагы көп нерсе чыгат
15.03.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимиси чын, кимиси калп. Жее тушунуп тушунбой эле жазып жатышабы айтор бааларды уксан урой учурат. Деги калп эле болуп чыксын. Бир кычкачтын баасы 600
15.03.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
АША барго дейм чото болбосо уже соттолуп кетмек булар
15.03.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сокее деп туруп коз жумуп койдуда ))))
15.03.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
38 мин долларда кымбат, 124 камеранын жакшысын сервери менен 10мин долларга коюлат. Дунунон алса анданда арзан.
15.03.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акмактар, жегичтер, ичкичтер. ал акчаны биз толойбуз да кайра устогу менен.
15.03.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чара корулсун тиешелуу, кустуруш керек кокодон алып туруп. тецте авария болбосо калмак да билинбей ээ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: