super.kg logo

Депутат "Ош базардагы" өрттүн чыгымдарын "Сейтек" базарынын ээси төлөп бериши керектигин айтты

 

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов "Ош базардагы" өрттүн чыгымдарын "Сейтек" базарынын ээси төлөп бериши керектигин айтты.

Эл өкүлү өрттүн келип чыгышына себеп болгон адамдар табылбай, базар ээси жоопкерчиликтен сыртта калып жатканына токтолду.

"30-январда Бишкектеги "Ош базарынан" өрт чыкты. Бир канча күндөн кийин өрт кайра кайталанды. Өрттөн жабыр тарткан ишкерлер мага арыз менен кайрылды. Алардын айтымында, базардын ээси менен кандайдыр бир талаш-тартыш жаралып ошондон өрт чыгып жатыптыр. Базар болобу, соода түйүндөрү болобу видеокамераларды орнотуу керек. Жабыркагандардын арасында 300 миңден баштап, 1,5 миллион сомго чейин жоготууга учурагандар бар. Алардын салыгын, ижара акысын жана башка төлөмдөрүн төлөп жатышканын иликтеш керек. Эмне үчүн базардын ээси жоопкерчиликке тартылбай жатат? Базарда иштегендер ал жердеги күзөтчүлөргө да акча төлөшөт", - деди Жамалдинов.

Белгилей кетсек, 30-январда "Ош базарындагы" "Сейтек" базарынан өрт чыгып, 350 чарчы метр соода аянты күйүп кеткен. Март айынын башында "Ош базарындагы" өрт мурда өрттөнгөн "Сейтек" базарынан экинчи жолу өрт чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.03.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтат базардын жетекчилиги толош керек
Аренда толосо башкасын толосо а эмнеге ушуга окшогон кырсыктардын алдын албайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: