super.kg logo

Депутат Момбеков Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун 10 миллион долларга ишке киргизүүгө мүмкүн экенин айтты

 

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн "Коопсуз шаар" долбоору боюнча маселесине кайрылды.

Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоорун 10 миллион долларга мамлекеттик ишканалар аркылуу ишке ашырса боло турганын айтты.

"Коопсуз шаар" долбоору "Акылдуу шаарга" алмаштырылган. Бир ай мурун кол коюлуп, кечээ өкмөт кайрадан бул келишимден чыкты. Комитет жыйынында "Коопсуз шаар" долбоору каралган. Ошондо биз өкмөткө сунуш бергенбиз "Кыргызтелекомдун" базасында "Коопсуз шаарды" ишке киргизгенге 10 миллион доллар кетет" дегенбиз. Ошол кездеги "Кыргызтелекомдун" жетекчисинин сөзү менен экс-президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызтелеком" аркылуу долбоорду ишке ашырса болот" деп айткан. Президент Сооронбай Жээнбековдун да тапшырмасы турат. Орусиянын бир жарым миллион калкы бар Саратов шаарында "Коопсуз шаарды" 10 миллион долларга киргизген", - деди Момбеков.

Депутат өкмөттүн кадр саясатына да нааразычылыгын айтты.

"Биз мамлекеттик маанидеги документтерди, улуттук валютаны, улуттук баалуу кагаздардын баарын өлкөнүн ичинде чыгарам деген идея менен иштеп жаткан Дастан Догоевди кызматтан кетирип, ага каршы иштеген, мамлекеттик документтердин баарын тендерге чыгарган Алина Шаикованы алып келдик. Кандай түшүнсө болот?" - деди Момбеков.

Белгилей кетсек, Алина Шаикова мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, 14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалган. Ага чейин аталган кызматтын төрагасы Дастан Догоев жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.03.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыскелди Момбеков жакшы иштеп жатат
15.03.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keba300989, АШАнын ХХХХХ Момбеков...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-15 12:13:21
15.03.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Созго баатыр, ишке жок
15.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саратовдо 10 миллионго ишке кирсе, Бишкекте 7 миллионго ишке ашырса болот экен, 10 миллион эмес..... Ошондо да кеминде 2-3 миллион жегичтердин кулкунуна кетет......
15.03.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озубуз эн кедей мамлекеттердин катарындабыз, анан миллиондон суйлойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: