super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-МАРТ: Бир гана кыргыз элине эмес, казактар менен орустарга да кеңири таанымал актёр Азиз Бейшеналиев 47 жашка толду

 

Кыргыздын чыгаан актёру Болот Бейшеналиевдин уулу, учурда кыргыз элине гана эмес, боордош казак бир туугандарга, орус элине да кеңири таанымал актёр Азиз Бейшеналиев 1971-жылы 15-мартта Бишкек шаарында туулган.

1989-1992-жылдары Ташкент мамлекеттик университетинин чыгыш тилдери бөлүмүндө билим алган. 1996-жылы Ташкенттеги актёрлук боюнча мектеп-студиясын аяктаган. Ал эми 1994-1997-жылдары аталган шаардагы "Лик" театрында эмгектенген.

Учурда Азиз Бейшеналиев актёрлук кесипти аркалап, бир катар мыкты ролдорду жаратып келет. Атасы менен апасы ажырашып кеткенде ал 2 гана жашта эле. 17 жылдан соң атасына жолуккандан кийин көкүрөгүндө сактап келе жаткан максаты ачыкка чыгат. Ошондон кийин “актёр болом” деген ою бекемделет. Алгач 1997-жылы "Темирлан" фильминде атасы менен бирге тартылган. Болот Бейшеналиев Темирландын ролун, ал эми уулу Азиз баласынын ролун аткарышкан эле.

Андан соң "Мосфильмде" "Трио" аттуу фильмге, 2006-жылы казактардын "Көчмөн" фильминде роль жараткан. Ошондо режиссёрдун көзүнө илинген Азиз аз өтпөй эле казактардын "Мустафа Чокай" фильмине тартылууга чакырылат. Ошентип башкы каарман Мустафа Чокайдын ролун мыкты аткарган. Учурунда Болот Бейшеналиев уулуна "сен Бейшеналиев боло албайсың. Болот Бейшеналиев болуш үчүн Бейшеналиевдин доору керек. Башка кесипти танда" деген экен. Чыныгы талант үчүн доордун деле мааниси болбосо керек. Учурда Азиз Бейшеналиев өз доорунун чыгаан актёру экени талашсыз.

"Союздун урашы менен кыргыз керемети кошо урады" деген кейиштүү кептер көп айтылып келет. Бирок учурда кыргыз киносу өнүгүү абалында. Ата мекендик кино тартуучулар улам бир өңүттө жаңычылдык киргизип, ал тургай чет элде тартылган кыргыз тасмалары да көбөйүүдө. Мындай тасмалардын катары Индиянын Гоа штатынан тартылып келген "Бейиш-604" аталышындагы дагы бир фильм менен толукталган. Анда да таланттуу актёр Азиз Бейшеналиев башкы ролду жараткан. Казак, орус тасмаларынын жылдызы болгон актёр "Параграф 78", "Көчмөндөр" сыяктуу атактуу тасмалардан улам көпчүлүккө кеңири таанылган.

Учурда үй-бүлөлүү, Сейтек аттуу уулдун атасы.

15-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
15.03.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Параграф 78 актёрду казак болсо керек дейт элем,эми билдим,азаматсыз,ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: