Депутат: "Кызматкерлер мамлекеттик бюджетке зыян келтирсе жетекчилери дагы жоопкерчиликке тартылышы керек "
Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров 217 миллион сом бюджетке зыян келтирилиши үчүн кармалган Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкери боюнча жетекчилери дагы жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты."Жакында эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге өлкөнүн бюджетине 217 миллион сом өлчөмүндө зыян келтиргени үчүн Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкери жумуштан бошотулду. Туура болду, бирок эмнегедир жетекчилерине карата чара көрүлгөн жок. Мындай мамиле туура эмес", - деди Шайназаров.
Белгилей кетсек, УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирилген факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кызматта иштеген 5 жаранды кармаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















