super.kg logo

Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаңылоо үчүн алынган шаймандар боюнча мурда эмнеге үн катпай келгенин айтып берди

 

Бүгүн, 15-мартта маалымат жыйында Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаңылоо үчүн алынган буюмдар боюнча мурда эмнеге үн катпай келгенин айтып берди.

"Каражаттар маселесин "Электр станциялары" ишканасы чечет. Биз техникалык жагына жооп беребиз. Мурда катачылык жөнүндө айтпагынымдын себеби жетекчилик "модернизациялоо иштерине терс таасир берип, көлөкө түшүрөсүң" дегенинен унчукпай келгем. Каражаттардын колдонулушу боюнча документтерди мен жакында эле колума алдым. Мурда каражаттар кандай багытта колдонулганын билген эмесмин", - дейт Өмүркул уулу.

Айта кетсек, Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айткан.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов билдирген. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 14 миң 500 долларды түзөт деген маалымат туура эмес экенин кабарлаган. Ишкананын маалыматына караганда, ар бир видеобайкоочу камера 300 доллар турат, 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт.

26-январда кечки саат 6лар чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшүп кеткен. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
15.03.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Туштон кийин сасыбай,убагында айтпайсынбы элди ойлосон, мээн иштесе
15.03.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эми айтканына да рахмат.Мурда айтса эч ким ишенмек эмес, атугул жок да кылып коюшмак.Коркпой айтып жаткан азамат экен.
15.03.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ruslanz, бул эргулдун да тиешеси бар да. 20 мин долларга айлана чойрону жашылдандырды дегени калп. Эгер Бишкектиктер тонбогондо ооз басты, коз кысты болуп, жыргап гана иштеп журо бермек бул деле. Аппакмын деп туштон кийин актанбай эле койсунчу ай.
15.03.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Белиз гейтти издеп кеткен Сегизбаев Бишкек гейтти билбей калган окшойт. 1млн.долларды тапкан 386млн.долларды издебей эле тапкыдай духу жетсе
15.03.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
136млн$ жешиптир,бул ото эле коп.бир эле обьектиден олко б-ча мындайлар канча.АШАнын учурунда корруп-я болуп корбогондой онукту.
15.03.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ruslanz,жанылаганы учун эмес строительство тец ушундай болмок, элдин ырыскысын жегендер тукумунарга каргыш. 200млн жешти да
15.03.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз элине убал болду, тентип чет олколордо жумуш издеп журушот.Сырттан алган 4млрд$-ды ондурушко салганда, ушул жерден эле уй-булоолорун бакпайт беле.
15.03.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камалсын! Кантип эле ТЭЦтин начальниги техникалык жагына жооп берсе модернизация деп кандай тузулуштор канчадан келгенин билбей калсын? НЭСтеги жетекчилик менен биргелешип суйлошулуп иш кылынатда, же биротоло келесоо болгонбу?
15.03.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок. Эл душмандары эмне деген акча бул деген миллион?! Кудай жазанарды берсин!
15.03.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми айтып чыкканы да эрдик. Жебеген самсага пул тологондой эле болуп жатат. Уюткусу бийликте отурат.
16.03.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштен ыргыгандан кийин айтып атат да.Антпесе кайдан, отурмак жегенине ыраазы болуп. Кызматтан тушкондон кийин тиги кошо жегендери орундарында калып калса ич куйдулук кылып айтып чыкты. Эмнеси азамат. дагы 7 тууганы ошол ТЕЦте иштейт экен. Кыргызстан ушундайлардын айынан артка кетип атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: