super.kg logo

Ширин Айтматова: "4 айда Кыргызстанда 5 бала өлтүрүлүп, 43 өспүрүм зордуктоого кабылган"

 

Ушул жылдын 4 айында Кыргызстанда 5 бала өлтүрүлүп, 43 өспүрүм зордуктоого кабылса, 8 бала уруп-сабоо натыйжасында майып болду. Бул тууралуу 14-июнда “Парламент” радиосундагы түз байланыш учурунда депутат Ширин Айтматова билдирди. Анын пикиринде, мындай абал балдарды зомбулуктан коргоо механизмдеринин жоктугунан улам болууда. "Мага көптөгөн ата-энелер, жарандар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кайрылып, балдарга зомбулук көрсөтүү фактыларын билдиришет. Эгер алар болбогондо, көптөгөн зомбулук көрүнүштөрү ачыкка чыкпай калмак", - дейт эл өкүлү. Ширин Айтматова жакында Чүй облусунун Сокулук районунан үч жашар кыздын туугандары кайрылганын айтты. “Ал кыз прокуратура кызматкеринин тууганы болгон эркек киши тарабынан зордукталган. Мен аралашкандан кийин гана кылмыш иши козголду”,- деди Айтматова. Ушуга окшогон көйгөйлөрдү чечүү үчүн педофилдерге карата химиялык бычуу жол-жобосун киргизүүнү колдой турганын билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.06.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай акмактарды бычыш керек. Биздин депутаттар мыйзам кабыл алса жакшы болмок, эл каршы эмес деп ойлойм.
14.06.2013. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарды коргоого алуу керек созсуз.
14.06.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай корунушторго кескин чара корулбосо куч алышы мумкун. Конул коштук кылса боло берет экен деп калышоайбы. Бычса бычып салыш керек, акмактарды!:-@
14.06.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ошол акыллсыздык менен зордуктап салган зоокур, силердин жалгыз баланар же болбосо бир тууганынар болсочу?
14.06.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mayoral, зоокурдун колунан зордукталган кыз, сенин кызын же бир тууганын болсочу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: