super.kg logo

Бишкекте кафе, ресторан, дүкөндөрдүн курулушу кескин көбөйүп кеткени айтылды

 

Бүгүн, 15-мартта өткөн маалымат жыйында "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева Бишкекте кафе, ресторан жана дүкөндөр эле курулуп жатканын, бассейн, стадиондор жетишсиз экенин айтты.

Анын айтуусуна караганда, Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы 2006-жылы ишке ашыш керек болчу. Андан бери 12 жыл өтсө дагы борбор калаадагы курулуштардын планы ишке ашырылган эмес.

"Мыйзамсыз курулуштардын баары деталдуу план аркылуу мыйзамдаштырылышы керек. Долбоорго 2016-жылга чейинки курулган бардык объектилердин жана курууга уруксат алып, бирок курула элек объектилер да кирет. Мисалга коргоого алынган №1-аймактагы "Россия" кинотеатрынын артындагы, Ак Үйгө жакын жерде көп кабаттуу үй курулуп жатат. Бул мыйзамдуубу? Деталдуу планга жооп береби?" - дейт Өмүралиева.

Ошондой эле Бишкекте балдар бакчасы менен сейил бактарды курууга орун жок, ал эми кафе, ресторандарга бар экенин айтып, баш калаага карата мындай мамиле жасалганына нааразы экенин айтты.

"Карапайым адамдарга шаардын борбордук бөлүгүндө жашаган ыңгайлуу болобу? Деталдуу пландын түшүндүрмөсү боюнча калаанын борбордук бөлүгүндөгү жердин 43 пайызы жеке менчикке, 38 пайызы муниципалдык мекемеге таандык. Мамлекетке болгону 19 пайызы гана тийиштүү, мамлекет бул көйгөйлөрдү кантип чечет? Борбордук бөлүктө кафе, ресторан жана дүкөндөр эле курулуп жатат. Шаардын деталдуу планына бир да балдар бакчасы кирген эмес", - дейт ал өз сөзүндө.

Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдуу планына 3 миң 640 гектар кирген. Ал Жибек Жолу, Курманжан датка, Ахунбаев, Бах көчөлөрү менен чектелген. Деталдуу план коомдук талкууга 9-апрелде коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.03.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
завод фабрика атуу курулуштар бизди чангангоо
15.03.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкек десе эле жапыз жалпак тамдар,сырты шыбалбаган навес уйлор элестетиле берет.Акыры олконун борборуго Бишкек.Иретке келтирсе болмок.
15.03.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ондуруш жок, фабрикалар жок, кафе магазинден башка бизнес жокда Кыргызстанда, мамлекетке жалгыз киреше мигранттардын акча салганы.
15.03.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек айыл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: