super.kg logo

Учкун-2 конушунун тургундары соттун "82 үй мыйзамсыз курулган, сүрдүрүлсүн" деген чечимине нааразы болуп митингге чыгышты

 

Бишкекте Ак Үйдүн астына 50дөй адам топтолуп, нааразычылык митингине чыгышканын билдиришүүдө. Алар шаардын четиндеги Учкун-2 жаңы конушунун тургундары.

Алардын айтымында, соттун "Аталган жаңы конуштагы үйлөр мыйзамсыз салынган, сүрдүрүлсүн" деген чечими туура эмес. Митингчилер 2003-жылы Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүнөн жер алышкан. 12 жылдан кийин Сокулук райондук прокуратурасы Сокулук райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн айрым кызматкерлерин жана Айыл өкмөтүн сотко берген. Прокуратура андагы 700 жер тилкенин ичинен 82си мыйзамсыз берилип кеткен деп айыптаган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.

"Биз ушул боюнча президентке арыз жаздык. Үйлөрдү куруп, кирип жашап жаткандан кийин эми Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз, кайра сүрдүрүлсүн деп жатышат. Кызыл китеп, дагы башка документтерибизди деле карашпайт. Райондук соттон утулуп калдык, азыр 82 кишинин көбүнүн документтерин жокко чыгарып жиберишти. Айрымдары Жогорку Сотко кайрылса, кээ бирлери облустук сотко кайрылып жатышат. Ортодон эле биздин үйсүз калганыбыздын өзү туура эмес, убагында баары мыйзамдуу деп айтышкан. Бизге анын ордуна жер тилкелери башка жактан берилет деп да айтышпайт, жөн эле көчөгө кууп жатышат. Бизде эмне күнөө? Кезинде бизге сатып жибергендер жооп берсин!" - дешти митингчилер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: