super.kg logo

"Жаңы курулуштун баары чоң бизнеске айланып кеткен" дейт башкы архитектор

 

Жаңы имарат куруу, жалпы эле курулуш иштери азыр чоң бизнеске айланып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаарынын башкы планынын башкы архитектору Жанузак Кулбатыров билдирди.

"Бишкек шаарын өнүктүрүүгө арналган план 2006-жылы мамлекет тарабынан бекитилип, бирок эмдигиче эмнеге ишке ашпай келгенинин бир нече себеби бар. Алардын эң башкысы финансы тартыштыгы десем болот. Бул татаал, түйшүктүү ишти эч бир мекеме, өкмөт да, мэрия да моюнуна алып, милдеттендирилген эмес. Бирок план ишке ашып, Бишкек өзгөрүшү керек. Өзүңөр билгендей жаңы имарат куруу, жалпы эле курулуш иштери чоң бизнеске айланып кеткен. Бизге азыр инвесторлор, жеке ишкерлер керек. Алардын кызыкчылыгын туура пайдалануу керек. Жеке ишкерлер менен элдин, өкмөттүн кызыкчылыгын эске алуу менен план иштелип чыкты. Пландын мөөнөтү 5 жылга каралган, бирок канча жылда ишке аша турганы акчадан көз каранды", - дейт архитектор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: