super.kg logo

Бишкекте таксисттердин телефонун уурдап жүргөн деп 23 жаштагы кыз кармалды

 

Бишкекте таксисттердин телефонун уурдап жүргөн деген шек менен 23 жаштагы кыз кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине такси кызматынын айдоочусу кайрылып, телефонун уурдап кеткен кызга чара көрүүнү суранган.

Окуя 5-февраль күнү болгон. "Такси кызматын чакырган кыз шаардагы базарлардын бирине алып барууну өтүнүп, жолдон тааныштарына чалуу үчүн айдоочунун телефонун алган. Ошол учурда милиция кызматкери айдоочуну токтотуп, ал жолугуп келгенге чейин кыз телефонду алып, унаадан түшүп качып кеткен. Бул боюнча Ленин РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоп, 14-мартта шектүү катары 23 жаштагы Ж.к.К. аттуу кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Териштирүү иштеринин натыйжасында басма сөз кызматы шектүү кыз уурулук жана ушундай дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экени аныкталганын, дагы бир канча таксисттер ушундай окуяга туш болуп, милицияга кайрылышканын кошумчалады.

Эгер сүрөттөгү кыздан жабыркагандар болсо 102 номерине, же 0 (312) 352-947; 0(553) 102-113; 0(552) 102-522 номерлерине кайрылуусу керектигин милиция эскертет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
15.03.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана,суроту?
15.03.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
modem4999,оздорунун компьютеринде сакталуу.
15.03.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сурот жоко
15.03.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aza84,сурот турбайбы алардын папкасында
15.03.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
shahlet,кийин койуштк
15.03.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул кыздын кочугун ачып туруп бетин жаап койгонунар эмнеси
15.03.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бетин жашырып туруп, ушу кыздан жабыркагандар болсо деп коесунар да. Бетин жапсанар кантип таанымак эле муну?! Негизи кылмышкердин бетин, атын неге жашырасынар тушунбойм.
15.03.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уурулук ийнеден башталат.
15.03.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мунун баарына жумушсуздук себепкер.
15.03.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
karakulja, жумуш жок деп эле бироонун ашына кол салыш керекпи?! Аракет кылам десен жумуш толуп атат, идиш жууп, пол жууса дагы ак эмгек мн акча табыш керек. Жумуш жок деген жалкоонун анан бекерчинин созу
nargiz94 түзөттү 2018-03-15 17:59:57
15.03.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karakulja,кудайым ырсыкыны баарыбызга бирдей чачып койгон ошону аракет кылып алышыбыз керек
15.03.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бетин жапса кантип таанымак эле. ар дайым ушинтип кийинип журбойт да.
15.03.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне эле болуп бара жатабыз, таба эмес тообо кылдым, экобуз тең экенбиз, турмушка чыгып балалуу болуп бактылуу жашай турган убагын эле,
15.03.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ он жаштагы баламдан суйлошуп алайын деп качыптыр бир бала
Табылабы эми ?
16.03.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызды тааныйм жакшы эле кыз болчу.Адашыптыр да жаман жолду тандап ...канча жылга кесээр экен эми
16.03.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
wirintai27,тоок , телефон уурдаганга беш жылдан ал эми миллиондогон долларды жуткандарды эч нерсе кылбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: