super.kg logo

Депутат: "Улгайган адамдардын жансыз денеси өз үйүнөн табылган окуялар көбөйдү. Менимче алардын турак жайына көз арткан топ бар"

 

15-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина акыркы күндөрү батирлерден улгайган адамдардын жансыз денеси табылып жаткан окуяларга токтолду. Эл өкүлү бир жумага алынган маалыматты айтып, өкмөттүн өкүлүн буга көңүл бурууга чакырды.

"Өлкөдө батирде жалгыз жашаган адамдардын өлүмү көп болуп жатат. Мен бир жумага карата берилген маалыматтарды айтайын. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-мартта 12-кичи райондогу эшиги жабык батирден 60 жаштагы улгайган кишинин жансыз денесин таап, милицияга өткөрүп берген. 77 жаштагы жалгыз жашаган аялдын жансыз денеси өз үйүндө табылып, териштирүүгө милицияга берилген. 9-мартта Октябрь районундагы батирлердин биринин эшигин ачууга ӨКМнын кызматкерлери келген. Ал жерде 65 жаштагы жалгыз жашаган аялдын жансыз денеси табылган. Кара-Балта шаарында 86 жаштагы кишинин жансыз денеси өз үйүнөн табылган. 14-мартта ӨКМ кызматкерлери 77 жаштагы адамдын жансыз денесин өз үйүнөн табышкан.

Менин оюмча улгайган жалгыз бой адамдардын турак жайына көз арткан кандайдыр бир "каралардын" тобунан турган риелторлор бар. Улгайган адамдардын эшиги жабылган батирлеринде сөөгү табылып жатканы кандайдыр бир шекти жаратып жатат. Мен мындай көп кылмыштар жазасыз калып жатканына көңүл бурууну суранат элем. Социалдык кызматкерлерге кайрылып, улгайган адамдарга көңүл бурууга чакырам. Батиринде өлүгү табылып жаткан улгайган адамдардын саны көбөйүп жатса да, ага эч ким көңүл бурбай жатат", - деди Карамушкина.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.03.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Улгайган адамдарга пенсиясын кобойткуло,баккыла ,каралбай калган дарын,алар убагында олко учун иштешкен. Жашоосун жакшырткыла,ошондо олум азаяар
16.03.2018. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аны да ошо оздорунун арасындагы жепжутарлар кылып аткандыр
16.03.2018. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Короче кандай кылмыш болсо ак уйдогулордон эле териштиргиле!карапайым калк силер алган карыздарды толоо менен эле убара!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: