super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Обончу Исирадин Аманбаев 54 жашка толду

 

Бүгүн, 16-мартта обончу Исирадин Аманбаев 54 жашка толду. Белгилүү обончу, музыкант, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын директору 1964-жылы 16-мартта Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Обончуну туулган күнү менен куттуктап, таң эрте байланыштык.

"Биздин мектеп-интернатта жыл сайын окуучулар арасында сынак болот. Бул жылы өтүүчү "Жаш кербез-2018" үйлөмө жана элдик аспаптар боюнча сынак бүгүнкү күнгө пландалган. Азыр ага даярданып, жумушта жүрөм. Кесиптештер куттуктап жатышат. Туулган күн кечинде башталат, достор, туугандар үйгө келишет", - дейт обончу.

Кошумчалай кетсек, обончунун атасы, чоң атасы комузчу болсо, апасы сөзгө чебер, санжыра, жомокторду көп билген аял болгон. Обончу 7 бир тууган. Алардын баары тең комузду мыкты чертип, ырдай алышат. Бирок чыгармачылыкты аркалаганы Исирадин Аманбаев эле. Калгандары башка кесипти тандап кетишкен.

Обончу Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогика факультетин жана Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүн аяктаган. Кийин орто мектептерде мугалим, Билим, илим жана маданият министрлигинде жетектөөчү, башкы адис, Ош облусунун Маданият департаментинин директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Учурда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын директору.

16-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: