super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: "Тамашоучу" Самат Эркинбеков 26 жашка толду

 

Бүгүн, 16-мартта 26 жашка толгон "тамашоучу" жана актёр Самат Эркинбеков туулган күнүн шаан-шөкөт менен белгилөөгө таптакыр кызыкпай турганын билдирди.

"Кечээ "Тамашоу" Кубогу үчүн ат салышып, оюндан кеч чыккандыктан, бүгүн түшкө чейин уктап, азыр эле турдум. Ушул кезге чейин туулган күнүмдү шаан-шөкөт менен белгилеген эмесмин, бүгүн дагы өзгөчө кылып өткөрөйүн деген оюм жок. Кечинде көптөн бери катташып жүргөн эң жакын досторум менен аяштарым үйгө келип, конок болуп кетишет. Башка план жок", - дейт ал.

Ошондой эле "Тамашоу" Кубогунда командасы жеңишке жетпей калганына эч кандай нааразычылыгы жок экендигин билдирди.

"Негизи бул оюнга абдан катуу даярдык көргөнбүз. Бирок бир гана биз эмес, атаандаштар да мыкты даярданышыптыр. Андыктан, 2-орунга ээ болгонубузга ыраазы элебиз, эч кандай нааразычылык жок. Менимче, калыстар тобу татыктуу эле чечим кабыл алышты", - деди "тамашоучу".

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбеков 1992-жылы 16-мартта Токмок шаарында туулган. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77-мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы аяктаган. "Тамашоу" долбооруна 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа 2", "Көк салкын", "Көк салкын 2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист" жана башка бир топ тасмаларда роль жараткан.

16-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
16.03.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы барбы жокпу Саматтын?
17.03.2018. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартылган кунолору коп экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: