АКШда көпүрө кулап кеминде 4 адам каза болду
Кечээ, 15-мартта АКШнын Флорида штатында жолдун үстүнөн өткөн көпүрө кулап кеминде 4 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, көпүрө кулаганда астында 8 унаа калып, кеминде 10 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын экөө оор абалда жатат. Ошондой эле каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылат. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
"Көпүрө Флориданын эл аралык университетинин студенттерине жолдон өтүүгө шарт түзү максатында курулуп жаткан. Көпүрө кулаган учурда толугу менен курулуп бүтө элек болчу. Бирок анын негизги 950 тонналык бөлүгүн өткөн дем алышта орноткон. Көпүрөнү келерки жылдын башында колдонууга беришмек", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Paprikafm

16.03.2018. 10:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии тоба ким салып жатат экен аа
Janyjol.86

16.03.2018. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайлык ТВЕА компаниясы салып аткан экен Тендерден утуп. Жакында биздин ЖЕБ дагы урап тушпосо болду. Дуйно жузун кытайлык ТВЕА мн ЧАЙНАРРУТ компаниясы каптап кетиптир
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.