super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: "Жакындарым күтүүсүз белек жасаганда көзүмө жаш алдым" дейт актриса Асел Чоткараева

 

Бүгүн, 16-мартта “Министрдин кызынын махабаты”, “Дудук кыз” тасмаларында баш каармандын ролун аткарып, актриса катары таанылган Асел Чоткараева 32 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда сааттын жебеси 12ни какканда туулган күндүк майрам башталганын, учурда сапарга чыгып жатканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Туулган күнүм үй-бүлөбүз үчүн чоң майрамдардын бири болуп саналат. Куттуктоолор 16-мартка караган мүнөттөрдөн башталган. Бул ирет жакындарым аябай даярданышып, күтүүсүз кече уюштуруп беришти. Кайын сиңдим "көп суммадагы акча алат элем мени менен барып келиңизчи, жолдошума айтсам барбайм деп жатат" деп калды. Жолдошум дагы сыр бербей "барып кел" деп койду. Кайын сиңдим келип мени алып кетти. Кайсы дарекке бара турганыбыз деле белгисиз, сурасам "бир жакка" деп койду. Бир убакта борбордогу кафелердин бирине жетип келдик. Кирсем дасторконун жайышып, менин жакын туугандарым отурушуптур. Жылуу сөздөрү менен тосуп алып, куттукташса ыйлагым келип, көзүмө жаш алдым. Буга чейин мындай сюрприз болгон эмес. Майрамды улантпайм. Ата-энемдин жанына барайын деп сапарга чыгып жатам", - дейт ал.

Актриса сыркоолоп жаткан атасын ойлоп, туулган күнүн белгилөөнү деле каалабаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Асел Чоткараева 1986-жылы 16-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу балалыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн. Ал Бишкек шаарындагы №52-мектепте 9-класска чейин окуган. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде режиссёрлук боюнча билим алган. Учурда кыска документалдуу тасмаларды тартып жүрөт.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын мээримдүү апасы. Кыргыз эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын келини.

16-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: