super.kg logo

Орусияда асмандан төгүлүп кеткен кымбат баалуу металлдар 122 миллион 6 миң долларга бааланды

 

Орусиянын Якутск шаарынан аварияга учураган учактан чачылган алтын, платина жана бриллианттын баасын талдоочулар 122 миллион 6 миң долларга баалады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 15-мартта болгон. Учак абага көтөрүлөрдүн алдында толук текшерилип, андан кийин жүк жүктөлгөн. Салмагы 9,3 тонна болгон баалуу металлдар Чукотск тоо-кен компаниясына таандык болгон.

"Учурда бардык баалуу металлдар табылып, Якутиянын аэропортунун кызматкерлери тарабынан кайтарылып жатат. Талдоочулар жүктүн жалпы суммасын 122 миллион 6 миң долларга баалашкан", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Якутиянын аэропортунан жүк ташуучу Ан-12 үлгүсүндөгү "Нимбус" авиакомпаниясына таандык учак абага көтөрүлгөн учурда жүк жүктөлгөн бөлүгүнүн бир капталы сынып кеткен. Натыйжада ичиндеги 9,3 тонна алтын, платина жана күмүштүн көпчүлүк бөлүгү төгүлүп калган. Ал эми учактын экипажы кайра "Маган" аба майданына кайтып, ийгиликтүү конгон.






Орусияда асмандан алтын жаап, алар чогултулду

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
16.03.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
9 тонна 300 кг салмактагы алтын, бриллиант платинанын баасы 122 млн доллар болсо анда биздин ТЭЦ 25 тонна таза алтындан жасалгандай болуптурда.
16.03.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эчтеке эмес мунун атын мажбур садака дейт биз деле 386 млн долларды мажбур садака чыгарып жатпайбызбы чыгаша чыкбаса киреше кирбейт бирок бизде чыгаша болот киреше болбойт
17.03.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumahmatov,
Эн туура
19.03.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омей чыгаша болгон жок жеп жутатар байып жатышат ко..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: