Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү сот органдарына нааразы экендигин айтты
Адам укуктарындагы жалпы кырдаалдар боюнча өтүп жаткан жыйында акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкө жарандарынын көпчүлүгү сот органдарына нааразы экендигин айтты.
"Бизге көпчүлүк жарандар укук коргоо органдары тарабынан укуктары бузулгандыгын айтып кайрылышат. Андан соң гана медициналык тейлөө маселеси, таза суу жана социалдык маселелер боюнча арыздар түшөт. Ар бир жазылган арызда адамдын тагдыры маанилүү орунда болгондуктан аларды кылдаттык менен карап, жыйынтык чыгарып бергенге аракет кылуудабыз. Мындан улам биз ушундай кырдаалдар боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, жалпы Кыргыз өлкөсүндө жашаган тургундардын негизги маселесин табууга аракет кылдык. Бул иликтөө иштери көбүнчө региондордо жүргүзүлдү. Себеби кийинки алдын-алуу маселесинде бул жакшы жыйынтык берет", - деп билдирди акыйкатчы.


Башкасын айтпаганда да Мырзакматов, Садыр Жапаров, Чолпон Жакуповага козголгон кылмыш иштери, соттук процесстер жеткен маскарачылык, прокурор, соттордун канчалык адилетсиз, бийликтин жетим жугуругу экенинин далили эмеспи......
Кыргызстандагы прокурор, соттордун баарын жобп салса да болот, алардын пайдасынан зыяны коп... Коррупциянын мекени ошол жакта...
Акча суйлоп турган жерде, акыйкат унчукпай турат.