super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарынын Атабаев көчөсүндөгү аялдаманы көмүр сатуу үчүн пайдаланышат" дейт окурман

 

"Ош шаарындагы аялдамага маршруттук таксилер токтобойт. Аялдамадагы отургучтарга көмүрдү мүшөктөп жыйып алып сатышат", - деп жазды окурман бүгүн, 16-мартта "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу.

"Ош шаарынын Токтобай Атабаев көчөсүнүн баш жагындагы аялдаманын чатыры жок, отургучтары сынып калган. Аялдамага маршруттук таксилер токтобойт. Көмүр саткандар отургучтарга көмүрдү мүшөктөп жыйып алып сатышат. Анысы аз келгенсип көчөнүн баары көмүр базарга айланган. Алар түнү менен унаасын жүргүзүп коюп көмүр түшүргөн учурда айланасында жашагандарга тынчтык жок. Көчөдөн №116 жана №146-маршруттук каттамдар өтөт. Көмүр жүктөлгөн унаалар турган үчүн маршруттук таксилер аялдамага токтобойт. Биз көчө комитетине арызыбыз менен кайрылсак ал үн катпай койду", - дейт окурман.

Ошондой эле окурман "чоңдор" келердин алдында жолдорду тазалап, көмүр саткандарды алдыртып коюшарын, алар кеткенден кийин кайра эле ушул көрүнүш кайталана тургандыгын кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.03.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондор айтпай дебей келиш керек. Бирок андай дейн десен, берки байкуштар деле жыргаганынан ал жерде турган жокда, бала чакасын багайн деп...
16.03.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катуу тартип керек, бала чака багыш керек деп ой келген жерге соода кылаберишсе Бишкек Ош ансызда чар жайыт жудогон жерлерге айланат. Чет олкодон келгендер таштандыга толгон шаар экен деп атышат ансызда.
16.03.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан тартип болот? Ал жердеги жашоочуларга аябай кооптуу. Көмүр сатканы аз келгенсип айланасында арак саткан дүкөндөр аябай көп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: