super.kg logo

Депутаттар бюджетте акча тартыш болсо жөлөк пул берилбей калат деген туура эмес экенин айтышты

 

"Бюджетте акча тартыш болсо жөлөк пул берилбей калат деген туура эмес", - деп бүгүн, 16-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутаттар билдиришти.

Жыйында жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору каралды.

"Аталган мыйзам долбоорунда жөлөк пул берүү өлкө казынасындагы каражаттан көз каранды экени жазылып турат. Бюджетте каражат жетишпей жатса муктаж адамдарга жөлөк пул берилбей калабы? Бул туура эмес, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунан муну алып салууну сунуштайм", - деди депутат Абдыжапар Султанов.

Депутат Мирлан Бакиров Султановдун сунушун колдоду.

"Мыйзамда жарандарды социалдык коргоого мамлекет кепилик берет" деп жазылган. Биз муктаж адамдарды камсыздап турушубуз керек. Жогорку Кеңештин токтом долбоорун иштеп чыгып, майып балдарын баккан ата-энелерге айлык төлөп берүүнү тездетүү боюнча пункт киргизүү керек", - дейт депутат Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.03.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай адам болбойт бул депутаттар кандай акча жетпейт тим эле укмуш кылышатко бюджеттеги акчадан алып башка малекеттерге иш сапарга деп жолгире жеген ичкендери деле бюджеттен депутатардын десе таң калбайм анан эле элге дегенде жетпей түгөнүп калат төлөсүн ошолор да налог свет сууга акчасын жаап жашырбай мүлктөрүн керек болсо бюджетке эл төгөт акчаны так что ойлонгула ушинте берсеңер элдердин каргышына каласыңар дагы эми тынчтанып келе жаткан эл дүрбөп кетет
16.03.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутубузду тошогубузго жараша суналык. Айдаганыбыз беш эчки, ышкырыгыбыз таш жарат. Элди сокур умутко байлабай эле коюшса болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: